Майлуу-Суу

Майлы-Суу (Шаар)‎»‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Герб
Герб
Өлкө Кыргызстан
Координаттар 41°15′32″ с. ш. 72°28′02″ в. д.HGЯO
Башчысы Сабырбек Токтогулов
Тарыхы жана Географиясы
Биринчи белгиленген 1946-жыл
Аянты 122,16 км²
Калкы
Расмий тили кыргыз тили
Калкы 22 853[1] адам (2009)
Улуттук курамы кыргыздар — 76,0%
орустар — 10,4%
өзбектер — 7,4%
татарлар — 3,8%[1]
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996 3744
Почта индекси 721100
Расмий сайты шилтеме
Майлуу-Суу (Кыргызстан)

Майлуу-Суу (Майлуу-Сай — 1956-1992-ж.) — Жалал-Абад облусундагы шаар (1956-жылдан), Ноокен районунун аймагында. Бабашата кырка тоосунун этегинде, Майлысуу суусунун боюнда жайгашкан. Аянты 12.2 км2. Облустун борбору жана темир жол бекети Жалал-Абад шаарынан 95 км түндүк-батыш тарапта. Шаар жайгашкан аймактын климаты мелүүн континенттик. Кышы мелүүн суук, кыска, кар арбын түшөт; январдын орточо температурасы —3°Cден —11°Cге чейин. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү 300 ммдей. Калкы 23 миң (2013); көбү кыргыздар (14500); ошондой эле орустар (4300), өзбектер (1700), татарлар (1300) жана башка улут өкүлдөрү жашайт. Шаардын четинде Көкташ, Cарыбээ шаарчалары, Көгой, Каражыгач кыштактары жайгашкан. Майлысуу жылуулук менен камсыз кылуу өндүрүштүк бирикмеси,«Береке, «Акнан», «Азат», «Баатыр» акционердик коомдору, Кыял чакан ишканасы жана башка өнөр жай ишканалары, ошондой эле «Cерей» жоопкерчилиги чектелген коому, «Чебер» фирмасы, те- леком, почта байланыш түйүнү, керек-жарак коому иштейт. Шаарга жакын мунай жана газ кендери чыгат. Ош, Жалал-Абад шаарларына газ куурлары кетет. Шаарда 8 орто мектеп, кесиптик лицей, электр-техникалык коллеж, медициналык окуу жайы, экономика жана башкаруу институту, балдардын жатак үйү, карылар жана майыптар үйү, маданият үйү, стадион, кинотеатр, мечит, бала бакча, бириккен шаардык оорукана (305 орундуу), борбордук дарыкана, ден соолукту чыңдоо борбору, шаарды турмуш тиричилик жактан тейлөөчү (шаарды жашылдандыруучу суу каналы жана башка) ишканалар бар. Шаардык администрациянын жана электр лампа заводунун органы болгон «Майлысуу шамы» («Cвет Майлысуу») гезиттери чыгат. Шаарды көркөмдөп турган тарыхый эстеликтер да бар; алар — «Cогуштук даңк проспектиси» (1941—45-жылдардагы Ата Мекендик согушка катышкан Майлысуулук жоокерлердин урматына 1989-ж. тургузулган) жана «Эрдик» монументтери (Баткен жергесинде эл аралык террористтик топтор менен болгон куралдуу кагылышууда курман болгон Майлысуулук жоокерлердин урматына 1999-ж. тургузулган). Шаар эзелтен дыйканчылыгы өнүккөн Фергана өрөөнү менен көчмөн чарбасы өнүккөн тоолуу аймактын чегинде жайгашкандыктан, анда илгертен эле соода сатык, товар алмашуу иштери кеңири жолго коюлгандыгы айгинеленет. Көчмөн калк малын айдап келип, Көгөй ашуусунун артында «таш короого» камап, алар- ды кол өнөрчүлүк буюмдарга жана эгин азыктарына алмаштырып кетишкен; ал короону эл «таш базар» деп да аташкан. Шаарга жакын кызыл чопонун кени болгондуктан анда карапачылык да өнүккөн. Шаар аркылуу Улуу Жибек жолунун бир бутагы өткөн; Орто Азиядан Кытайга кеткен кербен жолу Даван-сай капчыгайы жана башка жолдор аркылуу өткөн. Майлысуу суусунан жана анын куймаларынан баштаган илгерки ирригациялык курулмалардын калдыктары (чоң арыктар, оготтор жана башка) бул аймакта мурда эле дыйканчылык өнүккөндүгүн айгинелейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. ISBN 9967-14-006-2 ©

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 Элди каттоо,Кыргызстан-2009. Жалал-Абад областы