Май кислоталары

Википедия дан

Май кислоталары - каныккан жана каныкпаган болуп өз ара бөлүнүшөт. Каныккан М. к-ларына стеарин, пальмитин к-талары, каныкпаган М. к-ларына - олеин, линол, линолен, арахидон к-талары кирет. Олеин к-тасы зайтун майынын 85 %, соя пахта, сафлор, күнкарама, жана башка майлар линол к-тасынын 50 %ин түзөт.

алифаттык бир негиздүү карбон к-талар. М. к. шарттуу түрдө каныкпаган жана каныккан (кош байланыштары бар) болуп эки топко бөлүнөт. Табигый липиддерде негизинен М. к. так сандагы жана бутактанбаган түрдө кезедешет. Өтө көп липиддерге каныккан пальмитин к-тасы (С16):СН3 - (СН2)14 - СООН, стеарин к-тасы (С18):СН3 - (СН2)16 - СООН жана каныкпаган олеин к-тасы (С18):СН3 - (СН2)7 - СН=СН - (СН2)7СООН, линол к-тасы СН3 - (СН2)4 - СН=СН - СН2 - СН=СН - (СН2)7 СООН, линолен к-тасы СН3 - СН2 - СН = СН - СН2 - СН = СН - СН2 - СН = СН - (СН2)7СООН кирет. М. к. жаныбардын жана татаал өсүмдүктүн липиддерин түзөт. М. к. липиддердин алмашылышында зор роль ойнойт. Алардын ажырашылышы - организмди энергия менен камсыз кылат. М. к-нын ажырашы митохондрияда өтөт жана М. к-нын b - кычкылдануусу деп аталат. М. к. ацетил КоА, андан ары үч карбондуу к-талардын цикли аркылуу СО2 жана Н2О толук ажырайт. Бир пальмитин к-тасынын толук ажырашы 131 АТФтин молекуласынын пайда кылат. Ацетил КоА М. к-нын биосинтезине пайдаланылат. Бул процесс клетканын цитоплазмасында өзгөчө М. к-нын синтетазасынын комплексинин таасири менен өтөт. Клеткада М. к. линол жана линолен к-таларынан башкасы бул процесс аркылуу синтезделет. Линол жана линолден к-талары эң керек М. к-на кирет. Боордун, бөйрөктүн, булчуңдардын клеткаларында май к-таларынын кычкылдануусу организм талап кылган энергиянын жарымын камсыз кылат. Ачарчылыкка учураганда, чээндеги жаныбарда, келгин кушта липиддер - энергиянын жалгыз булагы. Мээде энергиянын булагы - углеводдор( М. к. такыр ажырабайт же бир аз ажырайт. М. к-нын b - кычкылдануусунан башка негизги эмес (экинчи даражадагы) a- менен w - кычкылдануусу белгиленген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]