Макал-ылакаптар

Википедия дан

Макал-ылакаптар «Манаста». Элдик оозеки чыгармачылыкта М.-ы. өзгөчө орунга ээ. Түзүлүшү жагынан кыска жана нуска болуп, айтыла турган ойду таасын чагылдырат. М.ы-да элдин тарыхы, турмуш-тиричилиги, үрп-адаты, салт-санаасы орун алат. Жөнөкөй эле сөздөр турмуштук тажрыйбада элдин элегинен өтүп, нуска болорлук, адамды ойлонторлук накыл сөзгө айланат. Ошентип, М.-ы. адамдын акыл-эсинин энциклопедиясын түзөт. Макал (М.) менен ылакап (Ы.) түзүлүшү, мазмуну, айтылышы боюнча бир-бирине өтө жакын келет жана алардын бири-биринен айырмалануу өзгөчөлүктөрү да бар.

М. — адамдардын турмуштук тажрыйбаларынан алынып, алардын философиялык ой-жүгүртүүлөрүн жыйынтыктаган, дүйнөгө болгон көз караштарын билдирген, тарбиялык мааниси курч сөздүү, көркөм элестүү, рифмага жана ритмге ээ кыска чыгарма. Ал сүйлөм, бир-эки сап же бир сабак ыр түрүндө да айтылат.

Ы. — кандайдыр бир окуянын негизинде же адамдардын жүрүш-турушунун, мүнөзүнүн өзгөчөлүгүн жыйынтыктап, так, элестүү берилген, өзгөчө чечмеленүүчү тарыхы бар, көбүнчө каймана айтылып, контекстке карата мааниси чечилүүчү кыска, образдуу сүйлөм.

М-дагы ой, аягына жеткире айтылса, Ы-та ой кыйыр түрдө айтылып, жыйынтыкты Ы. багытталган адамдын чыгарышы талап кылынат.

Кыргыз элинин көркөм энциклопедиясы болгон «Манас» эпосу М.-ы-га, санат, накыл, нуска сөздөргө өтө бай. Эпостогу М.-ы. ыр саптары менен айкалыша келип, ыргакка ылайык структуралык анча-мынча өзгөрүүгө учурап, сүрөттөлүп жаткан окуянын, көрүнүштүн көркөм, элестүү сүрөттөлүшүнө көмөктөшүп, кошумча маани кийирип турат. «Мурут бар жерде сакал бар Мурунтадан макал бар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 15) деген саптардын өзү М. болсо дагы, байыртадан эле элде, элдин сүйүктүү чыгармасы «Манаста» М-дын колдонулгандыгын айгинелейт. Ал эми эпостун ар бир вариантынан М.-ы-ды мол жолуктурууга болот:

Ар качандан бир качан

Жамандын жаны аялуу (Сагымбай Орозбаков, 2. 17).

Бадышадан башкага

Баркы болбос көөхар таш (Сагымбай Орозбаков, 2. 292).

Нелер келип, не кетпейт

Эр жигиттин башына (Сагымбай Орозбаков, 2. 151).

Туулмак бар, өлмөк бар,

Жакшылык менен жамандык

Туш-тушунда көрмөк бар (Сагымбай Орозбаков, 2. 18).

Адырмак тоого бел керек,

Азаматка эл керек (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 183).

Өтүрүк сөз — өлгөн сөз,

Жалган айткан жаман сөз (Сагымбай Орозбаков, 1. 183).

Элди баккан жер өлбөйт,

Эр төрөгөн эл өлбөйт (Курама варианты, «Семетей», 312).

Өзөндө күйгөн өрт жаман,

Өздөн чыккан жат жаман (Саякбай Каралаев, 2. 187).

«Манас» эпосунун окуяларынын, сюжетинин негизинде пайда болгон, эпостун өзүндө, эл оозунда айтылып жүргөн М.-ы-дын арбын болушу элдин бул чыгарманы терең кадырлагандыгынын бир белгиси. Алсак: «Эрди сайса ким сайды Аты калат Манаска» (Саякбай Каралаев, 2. 34) же болбосо Тайбуурулдун тартуу болуп кеткени, Семетейдин ажалынын жеткени; Чубактын кунундай чубалган иш; Ногойдон нойгут кем бекен, Чубактан Манас эр бекен?; Манас, Манас деп койсо барбая түшөт экенсиң, чала үйлөгөн чаначтай, дардая түшөт экенсиң; Көкөтөйдүн ашы — көп чатактын башы жана башкалар көптөгөн М.-ы. эпостун сюжетинин негизинде келип чыккан.

Ы-ка караганда М-да дидактикалык маани күчтүү болот. Экөөнүн бири-биринен дагы бир айырмасы Ы-тын келип чыгыш тарыхы болгондугунда. Мисалы, Чубактын кунундай чубалган иш деген Ы. көпкө бүтпөй адамды убара кылган иш туурасында айтканда колдонулат. Эпостогу М.-ы. чыгарманын көркөмдүгүн арттырып, мазмунун байытуу менен чоң тарбиялык мааниге да ээ. Алар элдин дүйнөгө болгон көз карашын, басып өткөн тарыхын, эстетикалык түшүнүктөрүн чагылдырып, турмушту терең билүүгө, таптык сезимин ойготууга, курч, көркөм сөздөр менен куралдандырууга, аларды пайдалана билүүнү үйрөтүүгө жардам берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4