Макдоннелл
Appearance
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/3/30/IBRA_6.1_MacDonnell_Ranges.png/220px-IBRA_6.1_MacDonnell_Ranges.png)
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/d/d8/Alice_Springs_ridge.jpeg/220px-Alice_Springs_ridge.jpeg)
Макдоннелл – Австралиянын борбордук бөлүгүндөгү тоо. Батыш Австралия бөксө тоосунун чыгышында. Узундугу 400 кмдей. Узатасынан созулган байыркы жана мезгил-мезгили менен аккан дарыя капчыгайлары менен тилмеленген. Бийиктиги 1510 мге чейин. Капталдарын мальга-скрэб жана дан өсүмдүктүү спинифекс, өрөөндөрүн эвкалипт жана реликт пальма токою ээлейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7