Макешов Бекболот

Википедия дан

Макешов Бекболот (27. 7. 1947-ж. туулган, Тунук кыштагы) - эмгек ардагери. Фрунзедеги политехника институтун бүтүргөн (1971).

  • 1971-91-жылдары Автотранспорт жана шоссе жолдор министрлигинде инженер, бөлүм башчы болуп иштеген.
  • 1991-93-жылдары Кыргыз керек-жарак коомунда башкы инженер, 1993- 99-жылдары «Кыргызгазмунайзат» мамлекеттик акционердик коомунда мунайзат Башкармачылыгынын башчысынын орун басары, башчысы жана нефтебазанын директорунун орун басары болуп кызмат өтөгөн.
  • 2000-03-жылдары «Кыргызалтын» бирикмесинде адегенде гараж начальниги, кийинчерээк Бишкектеги автомекеменин директору болгон.
  • 2005-07-жылдары «Кислород» ачык акционердик уюмунун генералдык директору болуп эмгектенген.
  • Ал 1986-ж. «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы жана Ардак грамоталар менен сыйланган.
  • Учурда ардактуу эс алууда.
  • Кырбаш уруусунан.

Өмүрлүк жубайы Керимкулова Гүлайым Сагынбековна Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген дарыгери, адегенде Бишкектеги Президентке баш ийген дарылап сакайтуу 2-башкармалыгынын башкы врачынын дарылоо боюнча орун басары болуп иштеп, учурда ошол жерде кардиология бөлүмүнүн башчысы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9