Макешов Жумадил

Википедия дан

Макешов Жумадил (23. 11. 1952-ж. туулган, 8-Март (азыркы Кожомкул) кыштагы) - мамлекеттик жетекчи кызматкер, 3класстагы мамлекеттик кеңешчи, жогорку категориядагы юрист.

Эмгек жолун Фрунзедеги «Кыргызмебель» бирикмесинде жумушчу болуп баштайт. 1971-73-жылдары Фрунзедеги политехника институтунда окуган. 1973- 75-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1975-80-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетин окуп бүтүргөн. Ал 1980-85-жылдары Москва районунун прокуратурасында стажер, райондук прокурордун жардамчысы, Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору, Фрунзе шаарынын Биринчи Май райондук партия комитетинде инструктор (1985-88), Фрунзе шаардык прокурорунун орун басары, Бишкектеги Свердлов жана Биринчи Май райондорунун (1988-2000), Бишкек шаарынын, Ысык-Көл облусунун прокурору (2000-05), Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары (2005-08).

2006-08-жылдары Чүй облусунун прокурору кызматтарында эмгектенген. Республиканын прокуратура органдарында иштеген мезгилде, мыйзамдуулукту калыптандыруудагы жана коомдогу активдүү иштери үчүн Республиканын башкы прокурору жана мамлекеттик бийликтер тарабынан бир нече жолу сыйланган.

Партиянын райондук, шаардык комитеттеринин бюро мүчөлүгүнө жана райондук, шаардык кеңештердин депутаты болуп шайланган. Чүй, Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрацияларынын Ардак грамоталары (2004, 2007), прокуратура органдарынын юбилейлик медалы (2004), «Кыргыз Республикасынын социалдык фондунун отличниги» (2003), «Прокуратуранын ардактуу кызматкери» төш белгилери (2000), Кыргыз Республикасынын баңги затты көзөмөлдөө агенттигинин «Ардактуу кызматкери» (2005) жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (1998) менен сыйланган. Суусамырлыктарга белгилүү Mакеш саяпкердин уулу.

Чал уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9