Макиавеллизм

Википедия дан

Макиавеллизм Никколо Макиавеллинин аты менен байланышкан термин.

Макиавеллизм деген түшүнүк алар аркылуу граждандык жана адамзаттык планда эч кандай каражаттардан жада калса кылмыштуулуктан да кайра тартпаган саясаттын синоними катары акылга сыйбаган нерседей көрсөтүлөт. Николло Макиавеллинин максаты, принциптери жана көрсөтмөлөрү эки жүздүүлүк, адепсиздик, арамзалык менен байланыштырылган. Чындыгында Николо Макиавеллинин кулаган феодалдык коомдун жана жаңы орноп жаткан капитализмдин адепсиздигин айгинелеп, колунда барлардын бийлигинин ыймансыздыкын ачып берген.

«Менин жазгандарымды, – деп белгилеп кеткен ал, – эч качан ыймансыз ишти жашырып жабуу же мактоого татырлык аракетти жамандоого умтулуу болгон эмес». Азыркы мезгилдеги саясий көйгөйлөрдү чечүүдө Макиавеллизмди объективдүү жана сын көз караш менен пайдалануу максатка ылайык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9

[Category: Саясат.]