Мазмунга өтүү

Маком

Википедия дан

Маком (тажик, өзбек - турган жер, орун, берене) - алгач кылдуу чертме музыкалык аспаптардагы берененин жана белгилүү бир добуш орунунун белгисин түшүндүргөн.

Маком сөзү макат сыяктуу түркүн мааниде колдонулат. A. Н. Фараби, A. А. ибн-Сина жана башкалар Макомду лад маанисинде колдонушкан.

13-18-кылымдар аралыгында Борбордук Азия, Хорасан жана Кавказда он эки Маком жаралып, колдонулган. Алар: Раховий, Хусайний, Зангула, Рост, Ушшок, Наво, Бусалик, Хижоз, Ирок, Исфахан, Зарафканд жана Бузрук.

Азыркы күндө Маком музыка өнөрүнүн башка жанрларынан айырмаланып, көп бөлүмдүү жана көлөмдүү.

Бүгүнкү учурда өзбек, тажиктердин музыкалык маданиятындагы алты Маком - шашмаком циклинде сакталган жана өмүр сүрүүдө. Алар - Бузрук, Рост, Наво, Дугох, Сегох жана Ирок. Ар бир Маком эки чоң бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүмү жалаң гана кылдуу аспаптарда аткарылат да,: мушкилот (хорезмде чертүш йули) деп аталат. Экинчи бөлүмү кыл аспаптардын коштоосу менен ырдалып, наср (Хорезмде айтым йули) деп аталат. Аталган бөлүмдөр өз алдынча бир нече чыгармалардан турат. Ар бир Маком бий коштоп аткарылуучу ыр-уфар менен бүтөт.

Шашмакомдун ар бири өзүнө мүнөздүү ыргактык түзүлүшкө ээ. Ал ыргактык түзүлүш дойрада аткарылат. Дойраны адатта Маком наср бөлүгүн аткаруучу ырчылар - ханандалар чалышат. Алар өз ырларын дойра усулу менен коштойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.