Максүтов телескобу

Википедия дан

Максүтов телескобу — мениск системасынын схемасы боюнча жасалган күзгү - линзалуу телескоп.

Аны 1941-ж. Д. Д. Максутов биринчи жасаган. Максүтов телескобунда кома жанa сфералык аберрация, хроматикалык аберрация, талаанын сүрөттөлүшүнүн ийрилиги жанa дисторсиясы жоюлган.

Максүтов телескобу 1:3 катышындагы салыштырма көзөнөктүү жанa көрүнүш бурчу 5°ка чейинки объектилердин жог. сапаттагы сүрөттөлүшүн камсыз кылат. Күзгү-линзалуу Шмидт телескобуна Кара­ганда Максүтов телескобун жасоо жөнөкөй жанa түтүгү 2 эсе кыска. Менискилеринин диаметри 700 мм (күзгүлөрүнүн диаметри 1000 мм) болгон дүйнөдөгү эң чоң Максүтов телескобу СССРде жасалган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.