Малабаев, Жолдошбай

Википедия дан

Малабаев Жолдошбай (1917-ж. т., Жалал-Абад облусу, Сузак району, Чачкынчы айылы) - тарых илиминин доктору (1970).
Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1941-45). 1937-ж. Жалал-Абад педагогикалык техникумун, 1954-ж. КПСС БКнын жогорку партиялык мектебин бүткөн.
1938-59-ж. советтик административдик жооптуу кызматтарда, 1960— 69-ж. Кыргызстан ИАнын Тарых институтунун илимий кызматкери, 1970-76-ж. ушул эле институттун сектор башчысы, 1976-жылдан ИАнын Философия жана укук институтунун информация секторунун улук илимий кызматкери.
50ден ашык илимий эмгектин, анын ичинде13 монографиянын автору. Илимий эмгектери негизинен Кыргызстандагы Совет бийлигинин жана мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүнө, чыңдалышына арналган. «Ардак Белгиси» ордени, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]