Малага

Википедия дан
Малага.

МалагаИспаниянын түштүгүндөгү шаар. Жер Ортолук деңиздин жээгинде, Малага бухтасында жайгашкан порт (жүргүнчү жана жүк ташылат; балык кармалат). Андалусия автономия областынын аймагында, Малага провинциясынын административдик борбору. Калкы 574 миң (2010; шаар агломерациясында 930, калкынын 8%и иммигранттар). Эл аралык аэропорту, метрополитен бар. Жогорку ылдамдыктагы темир жол байланышы (Мадрид, Севилья) иштейт. Малага аркылуу Жер Ортолук деңиз автострадасы өтөт. Өнөр жайынын башкы тармагы – тамак-аш өнөр жай (зайтун майы, жашылча-жемиш жана балык консервалары). Машина куруу (анын ичинде кеме), химиялык-фармацевтика (жер семирткичтер, май боёктор, тиричилик химиялык товарлары, косметика), жеңил (булгаары буюмдары – сумка, чемодан), текстиль, нефть-химиялык өнөр жай, ташты иштетүүчү жабдууларды чыгаруучу ишканалары иштейт. Самын кайнатылат. Шарап жасоонун борбору (шаардын четинде жүзүмчүлүк өнүккөн). «Малага» таттуу (десерт) шарабы салттуу түрдө ачытылып, анын негизинде «шарап туризми» өнүккөн. Ошондой эле дүйнөгө белгилүү «Bodega Antigua Casa de Guardia S. L.» (1840), «Bodegas Quintapenas» (1880), «Bodega Gomara S. L.» ж. б. шараптары өндүрүлөт. Университет (анын алдында испан тилин чет өлкөлүктөргө үйрөтүүчү салттуу борбор), 20 музей (анын ичинде П. Пикассонун музейи, фонду, үй-музейи), театрлар бар. Биздин заманга чейинки 11-кылым ченде финикиялыктар тарабынан негизделген. Рим театрынын калдыктары, араб архитектурасынын эстеликтери Алькасаба (8–12-кылым), «Хибральфаро» сепил-маягы (13-кылым), собор (16–17-кылым), Нуэстра Сеньора де ла Виктория чиркөөсү ж. б. архитектуралык эстеликтер (9–18-кылым) сакталган. Шаардын четинде зайтун дарагы, апельсин, лимон, авокадо, кулпунай, жашылча, бал камыш жана бадам өстүрүлөт. Балыкчылык (анчоус, ставрида, камбала, мерлуза) өнүккөн. Климаттык курорт. Жыл сайын театр жана испан фильмдеринин фестивалдары өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]