Малак

Википедия дан

Малак — көпөлөктүн личинкасы.

Малак өсүп, көп жолу түтлөп, куурчакчага айланат. Малак негизинен өсүмдүк менен азыктанат, жүн, мом, мүйүз менен тамактанганы, о. эле жырткыч жанa мителери да бар. Дене түзүлүшү курттарга окшош. аппараты — кемирүүчү. Көкүрөгүндөгү 3 жуп бутунан башка 8 жупка чейин жалган буттары болот. Малактын канал түрүндөгү жибек бөлүп чыгаруучу бездери астыцкы эрдине ачылат. Бездерден чыккан суюктук абага кошулганда жибек жипке ай­ланат да, пилла курууга, уя салууда же коргонуучу желелерди жасоого керектелет. Анын ичинен атайын уя жасап, чогуу жашагандары да бар. Ачык жашаган Малактын өңү айлана чөйрөгө байланыштуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.