Мала кызыл мандалак

Википедия дан

Мала кызыл мандалак (Tulipa rosea), (Vved.) - Пияз түбү анча ири эмес, диаметри 2 см, сыртынан кара, жогорку бөлүгү ичинен топурак кыртышынын үстүнө чейин жеткен чач, жүн сымал түктүү, калың кабык менен капталган. Анча бийик эмес (7-20 см) өсүмдүк. Сабагы 3, көгүлтүр, бири-бирине кезектешип жайгашкан, тармалдуу жана учуна ичкерген, жылаңач жалбырактуу. Төмөнкү жалбырагы сызгычтай- ланцеттүү, бийиктиги гүлүнөн узунураак. Жалгыз гүлүнүн бийиктиги 4,5 см. Гүл коргонун желекчелери мала кызыл, сыртынан көгүлтүр кызыл, ички түбү кичирээк кара тактуу. Сырткы желекчелери эллипс-ромб формада, ичкилери тескери жумурткадай. Аталык жипчелери жалаңач, кара, жогорусунан күрөңүрөөк, чаңдыгы менен тең. Чаңдыгы сары. Энелиги бозомук-күлгүн, жапыз мамычалуу, аталыгынан кыска. Жетиле элек кутучасынын диаметри 1 см, узундугу 1,5 см, кыска мурунчалуу.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Март-апрелде гүлдөп, май-июнда уруктанат. Пияз түбү жана уругу аркылуу көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түркстан тоо кыркасынын чыгыш тоо этектери.(Тажикстан, Кыргызстан,Өзбекстан). Кыргызстанда – Сүлүктү шаарынын ариддик тоо капталдарынын ар түстүү тектери.

Өсүү шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Майда топурактуу жана сейрек чөл өсүмдүктүү төмөнкү тоо алкактарында деңиз деңгээлинен 600 –1200 м бийиктиктеринде кездешет.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул түр жоголуп кетүү коркунуч алдында турат.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түр учураган жерлерди өздөштүрүп, калктын массалык түрдө гүлүн чогултуусу.

Өстүрүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда бул түрдү өстүрүү тажрыйбалары оң натыйжа берген эмес. Күзүндө отургузулган пияз түптөрү кийинки жылы жалпысынан гүлдөбөйт, кийинчерээк пияз түбү таптакыр солуп калат.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз ССРинин Кызыл китебине 1985-жылы, ал эми Тажик ССРинин Кызыл китебине – 1979-жылы киргизилген. Кыргызстанда популяцияларынын бир аз бөлүгү «Сүлүктү» ботаникалык заказнигинде жайгашкан.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өтө сйрек учуроочу декоративдүү түр, таралуу аймагы чектелген. Жаратылыштагы популяцияларын изилдөө керек. Түр кездешкен аймактарды корукка алуу. Эң жыш өскөн аймактарында урук байлагыча мал жаюуга тыюу салып, ботаникалык заказниктерди уюштуруу.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

EN. Түркстан тоо кыркасынын тоо этегиндеги саны кескин азайып бара жаткан кууш эндем түр. Тез аранын ичинде натыйжалуу чараларды көрбөсө, бул түр таптакыр жоголуп кетүү коркунучуна дуушар болуп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]