Мазмунга өтүү

Мамакеев Мамбет Мамакеевич

Википедия дан
Мамакеев, Мамбет Мамакеевич‎»‎ барагынан багытталды)
Туулган жылы:

1 -октябрь 1927(1927-10-01)

Туулган жери:

Кереге-Таш айылы, Ак-Суу району, Ысык-Көл облусу

Каза болгон жылы:

24 -ноябрь 2024(2024-11-24) (97 жаш)

Каза болгон жери:

Бишкек

Илимий чөйрөсү:

Медицина, хирургия

Иштеген жери:

Kыргыз мамлекеттик медициналык академиясы

Илимий даражасы:

Медицина илимдеринин доктору (1970), профессор (1972), академик (1993)

Сыйлыктары


Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1987)

Мамакеев Мамбет Мамакеевич (1927-ж. т., Ак- Суу району, Кереге-Таш айылы — 2024-ж. 24-ноябрь) — хирург; медицина илимдеринин доктору (1970), профессор (1972). Кыргызстан УИАнын академиги (1993; мүчөсү 1989). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1987).

1952-ж. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүткөн.

Мамакеев 120дан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 8 монография) автору. Hегизги илимий эмгектери өттүн таш оорусун хирургиялык жол менен дарылоо, ошондой эле орулууларга хирургиялык шашылыш жардам көрсөтүүгө арналган. Анын «Катуу кармаган холециститти хирургиялык дарылоо», «Уйку безинин сезгениши» деген жана башка эмгектеринин мааниси чоң.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери (1973). Республикасылык хирургдар коомунун төрагасы (1980). 1975-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаты. Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин саламаттык сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү.

Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Эл Достугу ордендери менен жана медалдар менен сыйланган.

Орус жана кыргыз тилиндеги эмгектери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Ич көңдөйүндөгү органдардын хирургиялык катуу оорулары. — Фр.: 1964; 1967;
  • Хирургические лечение острого холецистита. — Фр.: 1971; 1981;
  • Билиодигестивные анастомозы. —1974;
  • Воспаление поджелудочной железы. — Фр.: 1979;
  • Закрытая травма живота. — Фр.: 1986;
  • Неотложная помощь при травмах и острых хирургических заболеваниях. — Фр.: 1989;
  • Открытая травма живота. — Б.: 1990.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.