Мамасалы Абдрахманов

Википедия дан

Абдрахманов, Мамасалы жазуучу, котормочу, журналист

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1910-жылы Кара-Суу району, Жапалак айылында туулган. 6-жашында ата-энеден жетим калып, ар кимдин колунда жүрөт. Кийин Оштогу жетим балдар үйүндө тарбияланат. Кыргыз педтехникумун бүтүрүп, “Ленинчил Жаш”, “Советтик Кыргызстан” газеттеринде жооптуу катчы, редакторунун орунбасары, редактору, партиянын, Ош обкомунда катчы, Кыргыз мамбаста көркөм адабият редакциясынын башчысы болуп иштеген.

Аңгемелерден, повестерден жана очерктерден турган бир нече жыйынтыктардын, “Жашагым келет” экилтик, жана “Жаңырык” романдарынын автору. Романдар орус тилинде да жарык көргөн. Ал көркөм адабиятты которуунун ири чеберлеринин бири. Марксизм-ленинизм классиктеринин чыгармаларынан да орус тилине которгон. Кыргыз адабияты боюнча хрестеоматияларды түзгөн. Улуу Ата Мекендик Согушка катышкан. Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“ Ардак Белгиси” , Ата мекендик согуштун I даражадагы ордендери жана коптөгөн медалдар, Кыргыз СССР Жогорку Советинин Ардак громаталары менен сыйланган. 1996-жылы 86 жаш курагында бул дүйнөдөн көзү өткөн.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абдышев К. "Кылым инсандары" Бишкек 2003-ж.