Мамасалы Тешебаев

Википедия дан

Мамасалы Тешебаев 1923-ж Кыргыз ССРнин Ош областына караштуу Куршаб районундагы Тогуз-Булак айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Улуту кыргыз. КПССтин мучосу. Улуу Ата-Мекендик согушка чейин башталгыч мектепти бутуруп, Ош обласындагы "Кызыл-Октябрь" колхозунда иштеген.Советтик Армиянын катарына 1942-ж чакырылган. Катардагы солдат. Замбиректин мээлегичи. Воронеж, 1-Украина жана Белорус фронтторунда салгылашууга катышкан. 1944-ж 3-июнда Днепр дарыясынан сузуп отуудо жана анын он жээгиндеги плацдармды кармап туруудагы салгылашууларда каарман артиллеристтин корсон эрдиги жана каармандыгы учун Мамасалы Тешебаевге Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген. Кийин, Киев, Житомир, Гомель шаарларын бошотуу учун салгылашууларга катышкан. Советтик Армиянын катарынан 1947-ж демобилизацияланган. Жакын арадагы мезгилге чейин эле Кыргыз ССРинин Ош областындагы Отуз-Адыр совхозунда жашап жана иштеп турган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

А.Иманкулов "Алардын эрдиги туболукко жашайт" Ф,1986