Маматалиев Калдарбай

Википедия дан

Маматалиев Калдарбай 1935-жылы 14-апрелде Сузак районунун Үч-Малай айылында туулган.

  • Орто мектепти аяктагандан кийин, 1959-жылы Жалал-Абад шаарындагы Зооветеринар техникумунан мал дарыгери кесибине ээ болуп, эмгек жолун «Л енин Жо л» колхозунда жумушчу болуп иштеп баштаган.
  • 1963-жылы «Дружба» совхозу уюшулуп, 2-бөлүмүндө сүт-товар фермасынын бригадири, андан соң жалпы сүт-товар фермасыңда эсептөөчү болуп эмгектенет.
  • 1971-1975-жылдары Октябрь айыл кеңешинин ВУС бөлүмүндө,
  • 1975-1977-жылдары Жалал-Абад сүт комбинатында сүт азыктарын даярдоочу,
  • 1977-1982-жылдары Жалал- Абад «Кыргыз айыл чарба техника» мекемесинде бухгалтер,
  • 1982-1993-жылдары «Дружба» совхозунда мал дарыгери болуп эмгектенип,
  • 1993-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Көп жылдык үзүрлүү эмгеги бааланып бир канча сыйлыктар менен сыйланган. 2003-жылы ден соолугуна байланыштуу мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3