Маматова Бегайым

Википедия дан

Маматова Бегайым 1949-жылы 26-майда Сузак районунун Багыш айылында туулган.

* 1964-жылы У.Абдукаимов атындагы орто мектепти, 1971-жылы ОШ Мамлекеттик педагогикалык иститутунун химия жана биология факультетин аяктап, эмгек жолун А.С.Макаренко атындагы орто мектепте мугалим болуп иштеп баштаган.
* 1975-жылдан мектептен жана класстан тышкаркы иштер боюнча директордун орун басары, 1980-1986-жылдары Сузак райондук маданият бөлүмүнүн башчысы, 1990-жылдан азыркы мезгилге чейин Ж.Бөкөнбаев атындагы Октябрь балдар үйүнүн директору болуп иштейт.
* 1974-жылдан бери Багыш айылдык кеңешине бир канча жолу депутат болуп шайланган.
* Сузак райондук аялдар кеңешинин төрайымы, Сузак райондук адмистрациясынын коллегия мүчөсү болуп, коомдук иштерди аткарып келет.
* 1978-жылы Москва шаарында өткөрүлгөн Бүткүл Союздук мугалимдердин 3 сьездине делегат болуп шайланган.
* “Эл агартуунун отличниги”, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими”.
* Бир канча Ардак громаталардын ээси.
* 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев тарабынан “ЭНЕ ДАҢКЫ” медалы менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3