Маматов Абдумуктар

Википедия дан

Маматов Абдумуктар 1959-жылы 3-январда Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

  • 1976- жылы A. С. Макаренко атындагы орто мектебин,
  • 1981- жылы Фрунзе шаарындагы Скрябин атындагы Айыл чарба институтунун агрономия факультетин,
  • 1995-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин Юриспруденция факультетин аяктаган.
  • Эмгек жолун 1981-жылы институттун жолдомосу менен Базар- Коргон районунун XXII Партсьезд колхозунда агроном болуп иштеп баштаган.
  • 1982-1984-жылдары Базар- Коргон райондук айыл чарба башкармасында башкы агроном,
  • 1984-1988-жылдары «Энгельс» колхозунда башкы агроном,
  • 1988-1991-жылдары Айыл чарба башкармасында башкы агроном,
  • 1991-1995-жылдары Базар-Коргон районунун «Мундуз» колхозунда башкы агроном, төраганын орун басары,
  • 1995-2000-жылдары Областтык агрардык департаментте бөлүм жетекчиси, башкы директордун орун басары,
  • 2000-2001-жылдары Жалал-Абад областтык администрациясында сектор жетекчиси,
  • 2001-2008-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын Жалал-Абад областы боюнча координатору,
  • 2010-жылдан Сузак райондук Мам. каттоо кызматынын жетекчиси болуп эмгектенген.
  • Бир канча Ардак грамоталар, “Мамкаттоо отличниги” төш белгиси менен сыйланган.
  • 2015-жылдын июнь айынан бери Сузак районунун акими болуп эмгектенип келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3