Маматов Бөрүбай

Википедия дан

Маматов Бөрүбай 1907-жылы азыркы Сузак районунун Кызыл-Туу айылында туулган.

Улуу Ата Мекендик согуш башталганга чейин ар түрдүү тармакта бухгалтер болуп иштеп, 1941-жылы согушка чакырылган. Алгач Украина фронтунда, андан кийин Прибалтика, Беларус фронторунда, байланыш бөлүмүнүн командири болуп кызмат кылып, Берлинди алуудагы согушка катышкан. Согушта көрсөткөн эрдиги үчүн “Берлинди алууда көрсөткөн эрдиги үчүн” “Кызыл-Жылдыз” ордендери жана көптөгөн медальдар менен сыйланган. Согуштан келгенден кийин Жалал-Абад областтык Эл агартуу тармагында баш бухгалтер болуп көп жылдар эмгектенип, андан соң Октябрь балдар үйүндө кампа башчысы болуп иштеп ардактуу эс алууга чыккан. 1997-жылы 90-жаш курагында көз жумган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3