Маматов Улукбек

Википедия дан

Маматов Улукбек 1975-жылы 14-августа Октябрь кыштагында туулган.

  • 1992-жылы Октябрь кыштагындагы A. С. Макаренко атындагы орто мектепти,
  • 1996-жылы Бишкек шаарындагы Скрябин атындагы Кыргыз агрардык Академиясынын экономика факультетин аяктаган.
  • 1997-2011-жылдары Чаткал районунун Ички иштер бөлүмүнүн Экономикалык кылмыштарга жана корупцияга каршы (ЭКККБ) бөлүмчөсүндө опер кызматкер, Ноокен РИИБнүн, Жалал-Абад ШИИБнын, Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын ЭКККБнүн опер кызматкери, ИИМдин түштүк региондор боюнча Кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгында опер кызматкер, Жалал-Абад ОИИБнын КККБнын ага опер кызматкери, ИИМдин Региондор аралык Башкармасында кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги, ИИМдин Коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн начальниги болуп эмгектенген.
  • 2011-жылдан бери ИИМнин Түштүк региону боюнча мыйзамсыз баңги зат жүгүртүүгө каршы башкы башмармалыгында бөлүмдүн башчысы болуп эмгектенип келе жатат.
  • Бир канча ардак грамота, медалдар менен сыйланган.
  • Милициянын полковниги.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3