Мамбеталиева, Шаршебүбү Таранчиевна

Википедия дан

Мамбеталиева, Шаршебүбү Таранчиевна – кыргыз агартуучусу. 1949-жылы Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районундагы Эчки-Башы айылында туулган.

Мамбеталиева, Шаршебүбү (Шакен) 1968-жылы Кыргыз мамлекетик университетинин (азыркы Кыргыз улуттук университетинин) филология факультетине тапшырып, аны кыргыз тили жана кыргыз адабияты мугалими адистиги боюнча 1973-жылы аяктаган.

Иштеген жерлери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нарын шаарындагы Токтогул атындагы орто мектепте улуу пионер жетекчи, бошотулган комсомол уюмунун секретары (1966-1968-жж.), Нарын шаарындагы Токтогул атындагы орто мектебинин кыргыз тил жана адабият мугалими, ушул эле шаардагы В.И. Ленин атындагы орто мектебинин директору (1987-1989-жж.), К. Жакыпов атындагы орто мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директорунун орун басары (1991-1993-жж.).

Кийинчерээк театр өнөрү менен байланыштуу да иштеп, 1993-1999-жж. Нарын облустук М. Рыскулов атындагы музыкалык драма театрынын директору кызматын аркалаган. Мурдагы совет доорунда цензуранын айынан мүмкүн болбогон бир катар жаңы темаларды театр репертуарына киргизүүгө салым кошкон.

2000-2001-жж. Нарын облустук регионалдык билим берүү борборунун башчысынын орун басары.

2001-2007-жж. Нарын облустук билим берүү башкармалыгын жетектеди. Жалпы педагогикалык стажы - 43 жыл.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын персоналдык пенсионери, Нарын облусунун ардактуу атуулу, Эмгек Кызыл Туу орденинин кавалери (1986-ж.), "Эмгектеги артыкчылыгы" медалынын ээси (1981-ж.), "Эл агартуусунунун Отличниги" (1977-ж.), Кыргыз Республикасынын профсоюздар кыймылынын отличниги. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак Грамотасы (1997-ж.), "Манас-1000" эстелик медалы (1995-ж.), "Эмгек ветераны" медалынын ээси. Кыргыз Республикасынын Билим беруу министрилигин, Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин, Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын, облустук мугалимдердин кесиптик бирлигинин Ардак Грамоталары менен сыйланган.