Мамбеталиев Кадырбек

Википедия дан

Мамбеталиев Кадырбек 1930-жылы азыркы Сузак районунун Канжыга айылында туулган.

Орто мектепти бүтүрүп, 1950-жылы Жалал-Абад ветеринардык техникумуна тапшырып, 1954-жылы эң жакшы баалар менен ветеринардык дарыгер кесибин ийгиликтүү аяктайт.Эмгек жолун 1954-жылы Аксы районунун Кызыл-Жар зооветеринардык түйүнүнүн башчысы болуп иштеп баштаган.Ошол эле жылы Советтик Армиянын катарына кызматка чакырылып, Москва шаарында телефондук станциянын башчысы болуп 1957-жылга чейин 3 жыл кызмат кылган.1957-жылдан 1995-жылга чейин «Дружба» совхозунда үзгүлтүксүз ветеринардык дарыгер болуп эмгектенип, 1995-жылы эс алууга чыккан.Октябрь кыштагында өз кесибин өтө жогору билген адам катары элге таанылган.1984-жылы 26-майда «Эмгек ардагери» медалы менен сыйланган.Күтүлбөгөн кырсыктан 2 жыл ооруп, 2008-жылы 27-мартта дүйнөдөн кайткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3