Мамлекеттик чек ара

Википедия дан

Мамлекеттик чек арамамлекет аймагын белгплеген чек.

Кургактан жана суудан өтүүчү ал чектер тийиштүү мамлекеттердин макулдашуулары боюнча белгиленет. Ал эки стадияда өтөт: чек аранын абалын жана багытын келишим менен аныктоо (делимитация) жана чек араны конкреттүү жерден өткөрүү (демарка­ция). Жээктеги мамлекеттердин аймагындагы сууларды ачык деңизден бөлүп туруучу деңиз чек аралары жээктеги мамлекеттердин закону боюнча жалпы аймактык суу кецдиги чегинде белгиленет. Кургакта жана суу чек арасы аркылуу тик кеткен бийиктик—мамлекет­тин аба кендигиндеги жана жер асты боюнча чек арасы.

Чектеш мамлекеттер чек араны тийиштүү тартипте жана анын кесилишүү эрежесин сакташат Ал закон жана макулдашуулар менен жөнгө салынат. Чек ара чатактарьп өз ара сүйлөшүү жолу менен жөнгө салуу чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.