Мамлекеттин инвестициялык саясаты

Википедия дан

Мамлекеттин инвестициялык саясаты. Инвестициялар - капиталдын жеке сектору жана мамлекет тарабынан өлкөнүн ичинде, чет өлкөлөрдө экономиканын ар кыл тармактарына берилүүчү узак мөөнөттүү салымдар жана баалуу кагаздар.

Инвестициялар өндүрүш каражаттарын көбөйтүүгө, салымдарды калктын акцияларды сатып алууга сарптоолорун көбөйтүүгө кеткен сарптоолордон куралат. Инвестициялар саясаты экономикалык циклдердин фазаларынын алмашылышында чагылдырылат. Жалпы инвестицияларды жана таза инвестицияларды айырмалап көрсөтүшөт. Таза инвестициялар - бул жалпы инвестициялар менен амортизациянын ортосундагы айырма. Экономикалык өсүш таза инвестициялардын эсебинен гана мүмкүн болот. Ошондуктан саясаттын милдети - аны көбөйтүү.

Өсүп бараткан экономика үчүн жалпы инвестициялар амортизациядан көбүрөөк. Статикалык экономика үчүн жалпы инвестициялар амортизацияга барабар. Ишкердик жигердүүлүгү төмөндөгөн экономика үчүн амортизациялык чегерүүлөр жалпы инвестициялардан ашып кетет. Андан тышкары, продуктивдүү жана продуктивдүү эмес инвестициялар болот. Продуктивдүү инвестициялар - бул имараттарга, курулуштарга, жабдууларга капиталдык сарптоолор. Продуктивдүү эмес инвестициялар - бул финансылык инвестициялар (акцияларды сатып алуу). Инвестицияларды аныктоочу факторлор инвестицияларга кеткен чыгымдардын натыйжасында ишкерлер алууну күтүп жатышкан таза пайданын күтүлгөн нормасы (бул инвестициялоонун түрткү берүүчү себеби) жана проценттин реалдуу ставкасы болуп эсептелет.

Инвестициялык суроо-талаптын функциясы проценттин ставкасы менен жалпы инвестициялардын деңгээлинин ортосундагы тескери көз карандылыкты чагылдырат: I = e - d* R мында: e-R~0 учурундагы инвестициялардын максималдуу мааниси, d - инвестициялык суроо-талаптын функциясынын жантаюу бурчун аныктоочу коэффициент, R - проценттин ставкасынын реалдуу чоңдугу.

Инвестициялар таза пайданын күтүлгөн нормасы көбүрөөк же проценттин ставкасынын реалдуу чоңдугуна барабар болгонго чейин пайдалуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9