Мамонт үңкүрү

Википедия дан
Мамонт үңкүрү.

Мамонт үңкүрү (англ. Mammoth Cave) – карст үңкүр системасы, дүйнөдөгү эң узун үңкүрлөрдүн бири; улуттук парк. АКШнын Кентукки штатындагы Луисвилл шаарына жакын жерде. Аппалачи тоолорунун батыш этегиндеги Флинт кырка тоосунун акиташ тегинде пайда болгон. Үңкүрдө 225 өткөөл, 47 кумпа, 23 терең шахта бар экени аныкталып, алардын жалпы уз. 74 кмден ашык, тереңдиги 300 м. Жыл сайын спелологдор бир нече жаңы жолдорду ачат. Учурдагы узундугу 587 км. Грин-Ривер дарыясына куйган жер астындагы суу агат. Үңкүрдүн аты мамонт менен байланышы жок. Англисче mammoth деген сөз 2 маанини билдирет: «мамонттук» жана «чоң». Мында үңкүрдүн көлөмүнүн чоңдугу айтылган. Ал 10 млн жыл мурун пайда болгон. Биринчи жолу 1797-жылы америкалыктар ачкан. 19-кылымдын башында калий селитрасы жана кальций нитраты казылып алынган. 1941-жылдары Мамонт үңкүрү улуттук паркы түзүлгөн. 1954–61-жылдары спелеологиялык экспедициялар Мамонт үңкүрүнө жакын жердеги майда үңкүрлөр (Кристаллдуу, Белгисиз, Туздуу) менен туташ экенин аныктаган. Үңкүрдү сокур чегиртке менен жөргөмүштөр, көлмөлөрүн сокур балык менен чаяндар мекендейт.1972-жылдары Мамонт үңкүрүнөн Флинт-Ридж үңкүрүнө кетүүчү жол табылып, ошондон бирдиктүү Мамонт-Флинт-Ридж үңкүр системасы түзүлгөн (жалпы узундугу 587 кмден ашык). 1981-жылдары ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурасына кирген. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]