Мамыр чөп

Википедия дан

→← Бириктирүү Эдельвейс жана Мамыр чөп

Мамыр чөп, эдельвейс (Leontopodium) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Көп жылдык өсүмдүк, бийиктиги 5–15 см. Топ гүлү – себетче же жарым чатырча (кээде себетчеси жалгыздан). Түктүү чоку жалбырактары жылдыз сымал кебетени түзөт. Кээ бирлери сабаксыз же сабагы жалбыракка айланып кеткен. Жалбырактары түрдүү формада, түктүү жана түксүз. Анын 30дай түрү Еврaзияда таралган. КМШ өлкөлөрүндө 10дой түрү Ыраакы Чыгыш, Сибирь, Орто Азия жана Карпатта кездешет. Альпы мамыры чөбү кеңири белгилүү. Анын аппак, калың түктүү чоку жалбырагынан пайда болгон «жылдызы» абдан кооз өсүмдүк, азайып бараткандыктан коргоого алынып, Кыргызстандын Кызыл китебине катталган. Кыргызстандагы 4 түрү Теңир-Тоо жана Алай тоо кыркаларында учурайт.дары катары колдонуу аябай пайдалуу жана табигый өсүмдүк пайдасы давления бөйрөк боор ашказан өт жана башка пайдалуу жагы көп

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]