Мамытбеков, Эсенгул

Википедия дан

Мамытбеков Эсенгул (1941-ж. т., Тон району, Туура-Суу айлы) — цирк артисти. Кыргыз Республикасынын эл артисти (1979) эмгек сиңирген артисти (1974).
1963-ж. Кыргыз мамлекеттик физкультура институтун бүткөн.
1963-ж. «Союзгосцирктин» Кыргыз бөлүмүнө артист болуп кирген. Цирк аренасынын мастери Э. Жаныбековдун «Жаш Кыргызстан» номеринде машыккан, кийин (1971-жылдан) ал топтун жетекчиси. Бул номерде артисттер комуз күүсүнүн коштоосу менен арканда акробаттык трюктарды ушунчалык шамдагайлык менен жасап, аягында акробаттар татаал чиеленишип, кыргыз оюмун элестеткен фигураны пайда кылышат.
Мамытбеков өзү жетектеген номери менен көптөгөн өлкөлөрдө гастролдо болгон. Мамытбеков сууда сүзүү боюнча Республиканын эки жолку чемпиону.
Республиканын Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1981). Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.