Мамытов Алишер

Википедия дан

Мамытов Алишер 1961-жылы 5-октябрда Сузак районунун Багыш айылында туулган.

  • 1979-жылы У. Абдукаимов атындагы орто мектепти,
  • 1984-жылы Кыргыз айыл чарба институтунун механизация факультетин аяктаган.
  • Эмгек жолун 1984-жылы Сузак районуна караштуу Октябрь жүзүмчүлүк совхоз- комбинатында мастер-наладчик болуп иштеп баштаган.
  • 1990-1996-жылдары ушул эле совхоздо башкы инженер- механик,
  • 1996-2001-жылдары “Багыш” жааматтык дыйкан чарбасынын төрагасы,
  • 2001-2006-жылдары “Жалал-Абадэлектро”АК Көк-Арт РЭСнин жетекчисинин орун басары,
  • 2006-2011-жылдары Сузак райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси, Айылдарды суу менен камсыздоо департаментинде Сузак району боюнча башкы адиси, Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин Жалал- Абад механизациялаштырылган көчмө отрядында жетекчи болуп эмгектенген.
  • 2012-жылдан бери ӨКМнин алдындагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепетин жоюу боюнча аймактык департаментинде жетекчи болуп иштеп келе жатат.
  • 1998-2006-жылдары эки жолу Багыш айылдык жана Сузак райондук кеңешине депутат болуп шайланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3