Мамыт Алдаяр уулу

Википедия дан

Мамыт Алдаяр уулу (качан туулгандыгы жана өлгөндүгү жөнүндө маалымат жок) — «Манас» аткаруучу Манасчы Сагымбай Орозбак уулу жана Тоголок Молдонун «Манас» вариантынан жаттап үйрөнгөн үзүндүлөрдү эки дептерге жазып алган. Биринчи дептерде: Кандардын Манаска каршы кеңеши, экинчи дептерде: Манастын дүйнөдөн кайтышы, анын ашына даярдык көрүү эпизоддору жазылган. М. жазып тапшырган «Манас» эпосунан үзүндү Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат (Кол жазмалар фондусу, 178-инв., 365, 95-б.). 1278 сап ыр араб тамгасы менен жазылган. Сагымбайдын варианты жазылып жатканда ар кимдер көчүрүп ала беришкен. М. да кай бир үзүндүлөрүн көчүрүп алып, чала жаттап алган. Кол жазмада окуянын араларындагы көп ыр саптар түшүп калса, кай бир ыр саптары кошулуп жазылган.

Кандардын Манаска каршы кеңеши жана Чоң казаттын башталышында жылкы тийген элдик баатырлардын эпикалык душман менен болгон алгачкы айкашы Сагымбайдын вариантынан алынган үзүндү болсо, Манастын дүйнөдөн кайтышы, анын ашка даярдык көрүү деген темада берилген окуя Тоголок Молдонун вариантынан алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4