Манасия
Манасия — топоним. Сейфад-Дин Аксыкентинин «Мажму ат-таварих» эмгеги боюнча Алтын-Ордонун 14-кылымдын аяк чениндеги каны Токтомуш Манас баатыр үчүн курдурган шаар. «Манас» эпосунун кийинки кездерде жазылып алынган варианттарында да М. шаары Манаска арналып салынганы айтылат Географиялык реалияда Чыгыш Теңир-Тоонун түндүгүндө М. аттуу шаар жана дарыя бар.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4