Манастын Акунбешимди жеңгени

Википедия дан

Манастын Акунбешимди жеңгени — мекенди бошотуу темасына бириккен окуялардын орчундуусу, бөлүмдөгү күрөштүн кульминациялык чеги.

Баатырдын колу бир нече топко бөлүнүп, Көкчө Алматы аркылуу Илени бет алып, Үрбү бел ашып Кеминге түшүп, Кайып кан Эки-Башыга бурулуп, Мунар көлдүн тескейин көздөп, баатыр өзү Кызыл-Омполду бет алып Акунбешим шаага каршы жолго чыгышты. Акунбешим шаа мурда Орго канга жардамга жөнөткөн көп кошундан аман калып качып кеткендери улугуна болгон ишти айтышты. Акунбешим туш-тушка шашылыш кабар берип, дүрбөп, Шамыңшаа деген баатырына Бооң аярыи кошуп он сегиз миң кишини кароол карап, жоонун алдын тосконго аттантты. Кызыл-Омполго келип, кароол карап жаткан Шамың шаа Кер-Көлдү бойлой жер жайнап келе жаткан көп колду көрүп, сүрүнө чыдабай кошуну менен кайра качып кетет. Бооң аяр азырак адамы менен тар капчыгайдан жол тосуп калды. Баатырдын колу Көтмалдыга жетип тыным алып, Манас жанына алты жолдош алып Кызыл-Омполдун дөбөсүнө чыгып, жатып кеткен азырак колдун изин көрөт, Капчыгай ылдый жөнөгөндө тоосу бийик, эки жагы кууш жер экен, жоонун тосоту болуп, таш кулатып кырып салбасын деп, өрдөп тоо башын алып, артуу жол менен теңи жөнөп, калганы капчыгайга түшмөк болду. Жүз элүү миң адам менен Манас артуу бел аркылуу түз күн батышка бет алды. Калган жүз он миң адамды баштаган Бакай ажыдаар болуп тар капчыгайды бөгөп жаткан Бооң аярды жеңип, аман-эсен жайыкка чыгышты. Манастын колу бел ашып Абаңдын сары талаасындагы Булагасын шаарынын күн жүрүш жак капталынан чыгып, жол тоскон Тагылык баатырдын жүз миң колун кыйратып, көбүн качырып, ээн калган шаарга кирди.

Качкан калмактар Манастын келе жатканын каны Акунбешимге айтып келишти. Баңдулусун урдуруп, туш-тушуна кабар берип, Акунбешим шаа беленденип, катуу кармашка даяр турду.

Кер-Көлдөн Алматыга ашып түшкөн Айдаркан менен Көкчөнүн колу Иле боюндагы Орго канга жардамга барып согушта өлгөн Илебин кандын элине барышты. Каны жаңы өлгөн, өзүлөрү согуштан качып барган калмактар каршылык көрсөтө албай, Илебиндин агасы Чыңша байдын кызы Буудайбекти баш кылып тартуу тартып эки эл жарашты, Буудайбекти Көкчө алды. Эми Көкчөнүн колу Акунбешимдин шаарын бет алды. Үрбүнүн колу Кеминге келгенде Оргого жардамга барып согушта өлгөн Кеймен шаанын кызы Ойсалкын тосо чыгып, Үрбүдөн Эки-Кеминдин элин сурап алат да, өзү Үрбүгө тиет. Кеминге келген Көкчөнүн колу Үрбүгө кошулуп, Чүйгө бет алышат. Кайып кан баштаган кол Эчки-Башыдагы (Ат-Башы) калмактарды таратып, Кулутка дуу-дуну жеңип, Мунар экөөлөп Кочкордогу Арсы калдайды, Жумгалдагы Кубан калдайды чабышат. Туш-тушка кеткен колдору чогулуп келип, Чуудагы (Чүй) Акунбешим шааны камап калышты. Кармаш башталып, жекеге чыккан Абдылда (Ажыбай) калмактардын Кегети жайсаңына каршы барып, экөө найза менен сайышып жеңише албай, кылыч менен чабышып, андан да айла болбой, айбалта, күрсү менен салышып, мындан да жеңише албай, жаа менен элүүдөн атышып, ага болбогондо жүз жолудан мылтык менен атышып, алыша албай күн батып жай-жайына тарашты. Эртеси заардан майданга чыккан калмактардын Тугалы аттуу мыкты баатырына Көкчө каршы барып, найза сайышып бирин-бири алыша албай, акыры Тугалы атынын башын буруп колун көздөй качып берди. Кубалай барып Көкчө артынан сайып жарадар кылып, Тугалык колуна кире качып, Көкчө кайра тартты. Тугалыкты жемелеп майданга чыккан Жамыра жайсаң найзалашууга жеткирбей Көкчөнү жаа менен атып, жебенин огу жети кабат калканды жарып барып, соотту тешип өтүп, оң кабырганын сыртына эки эли кирип токтоду. Эти ачынган Көкчө жаңы ок атууга үлгүртпөй калмакка жетип төшкө найза салды эле, найзанын учу аркасынан эки карыш төрт эли чыга түштү. Жамыранын атын олжолоп колуна барган Көкчө ооруксунуп кайра майданга чыкпады. Мөңдү-Чебең балбанга каршы барган Мажик башы-көзү жарылып кайра качып келди. Аны жемелеген Үрбү баатыр кыйкырган бойдон майданга чыгып Мөңдү-Чебеңди бөлө чапты. Кеч кирип, кол жай-жайына тарашты. Эртеси таң атканда майданга өлөмүн деген жан келгин деп күүлөнүп чыккан Тулуска каршы Манас барды. Манас ач албарс менен оң ийинден колун үзө чаап Тулусту жайлап, атын олжолоду. Аны көрүп калмактан отуз балбан жекелөөгө ат койду. Каптагын деген Бакайдын айгайы менен баатырдын колу жапырт ат коюп, эки кол аралашып, аламан чоң согуш болду. Эки күн, эки түн тынымсыз кыргындуу кармаш болуп азууларын аркайтып ат жыгылып сулады, муруттарын сербейтип эр жыгылып кулады. Айыгышкан кармашта Манас өз туусунун түбүндө турган Акунбешимди беттеп, туш келгенди кыйратып кирип барганда такат кыла алай качып берген Акун шааны Манас кууп жетип аттан ыргыта сайды эле, артынан жеткен Айнакул Акунбешимдин башын алып салды. Туусу жыгылып, каны өлүп кайраттуусу калбаган калмак-кытайлар туруштук бере албай качып беришти.

Эпизод Радлов жазып алган вариантта, Саякбай Каралаевдин вариантында да жок. Башка белгилүү манасчылардын көбүнүн варианттарында да эскерилбейт. Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында Илебин канды жеңип, кызы Буудайбекти Көкчөнүн , Кейменди өлтүрүп, кызы Ойсалкынды Үрбүнүн алганы жана Таластын каны Тулус менен согуш бар. Тулус Сагымбай Орозбаковдун вариантында Акунбешимдин баатырларынын бири катары гана согушка катышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4