Манастын Мекеге барышы

Википедия дан

Манастын Мекеге барышы — окуялардын чиеленишиндеги баскыч.

Арадан үч жыл өткөндө Манас Алтайга көчмөк болуп, элине кабар берип, кеңеш курат Чогулган элге той берип, баласын олтургузат. Барам деп койдум эле, Мекеге барууга уруксат бергиле — деп өтүнөт. Акун канга баласыз кезде бел куда болдук эле, эми мен эркек, сен кыздуу болдуң, айныбасаң кызыңды уулума бер деп көп калың берет. Манас Мекеге барса аман кайра келбейт го деп эл кайгырат. Манас элинен ыраазылык сурап, Алмамбет, Сыргак, Токотойду ээрчитип Мекеге жөнөйт. Манастар узак жол басып, укмуштуу жандарга жолугат, он тогуз күн деңизде, тогуз күн чөлдө жүрүп, акыры Мекеге жетет. Аларды Абуназир тосуп алып, Мединага алып барып, Мукамбет пайгамбардын кабырын көргөзүп, кайра элине кетүүчү жолду айтып берип жөнөтөт.

Окуя Радлов жазып алган вариантта, Саякбай Каралаевдин вариантында, ошондой эле башка белгилүү манасчылардын варианттарында да кездешпейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4