Манастын желеси

Википедия дан

Манастын желесиМанас жана анын кырк чоросу ат байлаган жер. Токтогул районунундагы Желе-Терек кыштагында (Фрунзе атындагы к-з). Элдик уламыш боюнча бул жерде Манас кырк чоросу менен Анжыян тарапка өтүп баратып эс алчу экен.

Манастын Желеси — уламыш боюнча Манас баатыр бээ байлатып, желе тартып, түштөнүп өткөн жер. Талас районунундагы «Коммунизм» колхозунун аймагында (Арал айылынын тушунда). Желени жыйып кеткенде мамылары менен каккан казыктары бүрдөп, өсүп, кучак жеткис талга айланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4