Манастын чымы, энциклопедия

Википедия дан

Манастын чымы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Текес суусундагы арал. Уламыш боюнча тоо этегине суу чыгарып, эгин эгүү үчүн Манас Текестин боюнан кетмен менен чым чаап сууну бөгөй баштаганда жоо келип, Манас жоого каршы аттанып кеткен. Суу бөгөлгөн чымды эки жагынан айланып отуруп, аралчаны пайда кылып калган имиш. Азыр бул аралда жыландардын уюгу бар. Текес суусундагы арал турган туштан жергиликтүү кыргыздар алтын чайкашат.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедия II., Манастын сюжети – ярупа. Бишкек, 1995