Текес

Википедия дан
Текес
Текес
Тарыхы жана Географиясы
Калкы
Калкынын саны

148,945 [1] (2020)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

ТекесШинжаң-Уйгур автоном районунун түндүк-батышындагы Иле Казак автоном облусуна караштуу оодан[2]. Бул аймакта Текес дарыясы бар. Текес кыргыздардын көпчүлүгү Көктерек айлынын тургундары.

Текес ооданын улуттардын үлүшү, 2018-ж[3]
Улут пайыз
Казактар
  
44.4%
Кытайлар
  
18.3%
Дунгандар
  
14.4%
Уйгурлар
  
11.7%
Кыргыздар
  
6.7%
Калмактар
  
2.6%
Башкалар
  
1.9%

Кыргыз адабиятында[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түгөлбай Сыдыкбековдун «Текес жеринде» аңгемесинде[4].

Мукай Элебаев Узак жолдо Текести эскерет.

Аман Саспаевдин "Шашкедеги кара туман" романы.

Манас дастан боюнча кыргыздар жана ага жамаатташ элдер мекендеген жерлердин бири. Манас Акбалтанын кеңеши боюнча Кошой канга баруу үчүн Торучаар атты минип, Кутубий баштаган кырк баланы ээрчитип кыргызды көздөй келатканда басып өткөн жер. "Кыяс менен Текести Кыркындай басып келди эми, Жер соорусу турбайбы"[5], — деп түркүн жаныбарлар, ар түрдүү сайраган кушу бар, ажайып кооз жер экендиги айтылат.

Текес, Текескан — кейипкер, калмак каны. Манасты кан көтөргөндөн кийин ата-бабасы жердеген жерди бошотуу үчүн Манас баштаган кыргыздардын кол курап келе жаткандыгын уккан Култаң Терс-Маёдо жаткан Текеске кабар берет:

Манасты айтып майышып,
Кошойду айтып кайышып.
Коркуп Култаң турганы,
Каны Текес калтырап,
Коркуп кирди бу дагы[6].

Текес күндүк жердеги Куяс аярды чакыртып, Манастын кабарын айтат. Куясы келип Манастын колу келчү жолдогу бак-шакты, чөп-чарды дубалап, эсеп жеткис жаракчан аскерге айлантып коёт. Сыйкыр дуба менен жасалган аскерден Манастын колу өтө албайт деген ой менен Текес даярдыксыз беймарал жата берет. Сыйкыр аскердин сырын Бакай байкап билип, аларды өрттөп жиберип, кыргыз колу Текестин ордосуна кирип барышат. Каарданган Текес адегенде Куясты өлтүрөт, анан өзүн-өзү өлтүрөт. Манас Текестин элин талатпай, алардын каалоосу боюнча Текестин иниси Тейишти кан көтөрөт[7].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. http://www.citypopulation.de/en/china/xinjiang/admin/
  2. http://www.xzqh.org/html/list/10191.html
  3. شىنجاڭ ئۇيغۇر ئ‍اپتونوم رايونلۇق ستاتىستىكا ئىدارىسى, 各地、州、市、县(市)分民族人口数
  4. Түгөлбай Сыдыкбеков, Өмүр Тамыры, Фрунзе: «Адабият», 1990 ISBN 5660003311
  5. (Саякбай Каралаев, 1. 109)
  6. (Сагымбай Орозбаков, 2. 34)
  7. "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN 5897500134