Манас-Супа

Википедия дан

Манас-Супа, Манастын чокусу, Кароол-Чоку — топоним. Кеңколдун сол жагында, Талас суусунан 1,5 км түндүктө жайгашкан, өзүнчө обочо турган бийик дөбө, чоку. Абсолюттук бийиктиги 1428 м. Сүйрүчө түспөлдө: түштүк түндүккө карай 450—500 м созулат. Айлана-чөйрөдөн 70—80 м-че өйдө көтөрүлүп турат. Үстү кичинекей, бир боз үйдүн ордуна жетпеген, тегиз супача. Бетеге, тулаң, көөдө жана башкалар жамынган чоку жазда, жайда көркүнө келет. Эл оозундагы уламышта, Манас бул чокуда кароол кармаган, айлана-чөйрөгө көз салдырган. Манастын күмбөзү дал ушул тоонун түштүк-батыш этегинде. Аны жергиликтүү эл М-с., Манастын чокусу, Кароол-Чоку деп айтат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4