Манас-Өзөн

Википедия дан

Манас-Өзөнтопоним. Дагстан ССРинин Ленин районун аралап агып өткөн суу. Чоң-Кавказ тоолорунун түндүк-чыгыш капталынан кар, жаан-чачын сууларынан куралат, Каспий деңизине куят. Манас, Манаскент, Манасмахи кыштактары ушул өзөндүн боюнда жайгашкан. Суунун чөлкөмүндө Манасавлан, Манас-матабы деген жерлер да бар. Бир Ленин районунун аймагында мынча Манас аттуу топонимдердин болушун Г. М.-Р. Оразаев (Махачкала, 1989, 1991) бул жерлерди илгери ногой калкы ээлеп турушуна байланыштырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4