Манас Ата ордосу

Википедия дан

Манас Ата ордосу — чыгармачыл жана өндүрүштүк коом. Кыргыз Республикасынын интеллигенттеринин, окумуштууларынын демилгеси менен уюшулган (июнь, 1990). Ишин коомдун мүчөлөрүнүн ыктыярдуулугунун, коллегиялуулугунун жана чыгармачылык демилгесинин негизинде жүргүзөт. Коомдун максаты — жергебизде этнографиялык борбор уюштуруп, түпкү ата-тегибиздин этностук тарыхын (сак, гунндардан тартып) изилдөө, Манас жөнүндө жазылган китеп, тартылган кино, ага байланыштуу уламыштарды, ар кандай пландагы маалыматтарды чогултуп, чет жактан келген меймандарды эпос, анын каармандары, айтуучулар менен кеңири тааныштыруу, улуу чыгарманын маанисин элге жеткирүү. Ошондой эле кыргыздардын укумдан-тукумга өтүп келаткан салт-санаасын, үрп-адатын иликтеп, аларды пропагандалоо. Келечекте Коом өз өкүлдөрүн Кытай эл республикасына жана араб өлкөлөрүнө чейин жиберип, унутулуп бара жаткан Азиянын тарыхын үйрөнмөкчү жана түрк элдеринин маданиятына ылайык Манас-Ата эл аралык сыйлыгын уюштуруп, кыргыз элинин турмуш-тиричилигин, улуттук өзгөчөлүгүн, адабиятын, маданиятын, ар тараптан изилдеген адамдарга ыйгарып турат. Областтарда, райондордо, айылдарда Коомдун бөлүмдөрү ачылып, республиканын атагын даңазалоого багытталган ар тараптуу иш-аракеттерди кеңири жүргүзүүдө. Ордонун президенти — жазуучу, кинодраматург Ю. Тойчубеков.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4