Манас Ордо
Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплекси
Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплекси (КУМОК) – Талас областы нын, Ташарык айылында жайгашкан. 1996-жылга чейин «Манас» коругу болуп келген. 1996-жылы официалдуу (расмий) түрдө КУМОК деген статус берилген. 1995-жылы БУУнун жардамынын негизинде «Манас» эпосунун 1000 жылдык маарекеси дүйнөлүк масштабда өтүлгөн. Азыркы учурда 70 ке жакын жумушчу топ эмгектенип жатат.
«
«Манас Ордонун» жаралышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз эли учун Манас жана анын күмбөзү «Манас» эпосу жана аларга байланыштуу болгон ыйык жерлер: тоолор, эстеликтер, таштар (саймалуу жазуулар), үңкүрлөр, суулар, булактар, жер аттары ж.б. биз үчүн ыйык жана сыймыктуу жай болуп саналат.
Ошол себептен атуулдарыбыз, ата-бабаларыбыз Кыргызстандын төрт бурчунан ат арытып жол карытып издеп келишип, зыярат кылышып, ыйык тутуп, келип-кетип турушкан жана ал көрүнүш азыр да салтка айланып, уланууда. Ал гана эмес, бул ыйык жайга чет өлкөлөрдөн да келишип, изилдеп көрүшүп, элден сурамжылап, көргөн билгендерин кагазга түшүрүп, күмбөздүн сүрөттөрүн тартып алып, «Манас» эпосун билгендерден эпостун үзүндүлөрүн жазып алып кетишкен жана азда болсо кыска да болсо басма беттерге макалаларды, билдирүүлөрдү берип турушкан. Изилдөөчүлөр А.М.Беленицкий менен М.Е. Массон күмбөздүн бетиндеги жазууну окуп аны мындай деп чечмелешкен: «Бул күмбөз улуу урматтуу, кадыр барктуу, сый сыпаттуу, мартчылык менен боорукердиктин башаты, калем жана найза менен багындыруучу, эмирдин кең пейил, пакиза, оор басырык бактылуулардын үлгүсү, кудайга жагар таянычы, аялдан чыккан сырттан Кянизек хатундуку, Абука эмиридики. Алла алардын барган жайына бейиш айтсын, бул Рамазан айынын башында болду. Бул ай: Алланын тортунчу таянычынын ыйык берекелуу айы деген. Жазуунун аягы күмбөз 14- кылымдын кайсыл мезгилине таблица туура келери аныкталган эмес. Ал эми Манастын күмбөзү турган Ташарык айылында 1864-жылы туулган, «Манас» эпосунун айрым бөлүмдөрүн кагаз бетине түшүргөн, Манастын күмбөзүнүн бетиндеги жазууларды изилдеген инсан, Жусупбек уулу Токтогазы ал жазууларды мындайча чечмелеген: «Саал кадн Буркенчекли бул ишти жаңылоочусу, Алласы менен экөө бир бурка болду. Ага атасы ачуу кылардан пайдасына отмоду. Ушуну бүткөргөн кадн кайгылуу болду. Бу ой аяа эмес. Кадндыкы турк каднынан. Могер билги башек жоомарт кудай жоуй кадна кенешли тарабойлуу көп кишилер сан түсөп жан кылган. Баатыр жигиттерге башчысы болгон озунун оглудан эч адам намысын бербеген баатыр Манастын жайы». Жана башка көптөгөн окумуштуулар «Манас Ордонун» тарыхын изилдеп келүүдө.
Манас күмбөзүнүн тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Республиканын чегиндеги байыркы эстеликтеринин ичинен элге кеңири таанылган белгилүүсү бул Манас бабабыздын күмбөзү. Тилекке каршы илимий адабияттарда күмбөз жөнүндө маалыматтар кечирээк кездешет. «Манас» күмбөзү жөнүндөгү алгачкы кабар 1897-жылга В.В.Бартольддун «1893-1894-жылдарда илимий максат менен Орто Азияга баргандыгы жөнүндөгү билдирүү » - деген эмгеги жарыкка чыккан мезгилге туура келет. Эстелик Орто Азиянын ири изилдөөчүсү профессор М.Е.Массон айткандай 1907-жылы А.С.Колесникова тарабынан биринчи жолу фотосүрөтткө тартылып алынган. Бирок бул сүрөт жоголуп кеткен, ошондуктан жарык көргөн эмес. Ошондуктан Олуя-Аталык фотограф Ф.И.Белдермандын 1922-жылы тарткан фотосүрөтү «Күмбөздүн алгачкы фотосүрөтү»- деп аталып жүрөт. Ф.И. Белдерман 1937-жылы күмбөздү экинчи ирет сүрөткө тартып алган жана ал сүрөттөр бир нече жолу илимий эмгектерде иллюстрацияланган. Күмбөз жөнүндө түшүнүк жана эстеликтин сүрөтү 1939-жылы жарыкка чыккан «Советтик Кыргызстандын искусствосу» илимий макаласын жарыкка чыгарган. Төңкөрүшкө чейин көчмөн кыргыз элинин арасында «Манас» күмбөзү ыйык жай, мазар катарында бааланган. Жол жүрүп бара жаткан адам кыя өтпөй, зыярат кылып, куран окуп аттанган. Адамдар курмандыкка мал союшуп, түлөө өткөрүшүп, Манас Атанын арбагынан биримдүүлүк, ынтымактуулук, ыймандуулук, токчулук, тынччылык суранган. Баласыздар зарлап перзент сурашып, оорулуулар ден соолук сурашып түнөп кетишкен. 30-40-жылдардын экинчи жарымында «Манас» күмбөзүнө зор көңүл бурула баштады. Ал археологдор жана архитекторлор тарабынан изилденүүчү объект болуп калат. 1934-жылы басма сөздөрдө П.П. Ивановдун «Таластын баш жагынын тарыхы жөнүндөгү маселеге карата» деген макаласы жарыяланып, анда «Манас» күмбөзүнүн архитектурасы тууралуу айтылуу менен эстеликтин сүрөтү да басылган. Кыргыз ССРнин Эл Комиссарлар Советинин алдындагы илим комитети менен Кыргыз педогогикалык институтунун директору Б.М. Зиманын жетекчилиги менен уюштурулган археологиялык экспедициясы 1937-жылы күмбөздүн ички бөлүгүн казуу иштерин жүргүзгөн. Күмбөздүн чыгыш тарабындагы бөлүгүндө кийинчерээк коюлган эки табыт, ал эми борбордук бөлүгүндө адамдын ирээтсиз жаткан сөөктөрү табылган. Илимий экспедицияга катышкан кызматкерлер менен жергиликтүү калктын өкүлдөрү күмбөздүн алдында сүрөткө түшүшкөн, ал сүрөттү архивден музей-коруктун илимий кызматкерлери А.Жунушалиев жана М.Ибралиевдер табышып, музейдин фондусуна өткөрүп беришкен. 1938-жылы күмбөздү кыргыз илимдер академиясынын тарых институтунун Александр Натанович Бернштамдын жетекчилиги астында Жети-Суу археологиялык экспедициясы изилдей баштаган. Экспедиция күмбөздүн ичин эки ирээт казууга киришет. Күмбөздүн жер пайынын алдында 1937-жылы табылган сөөктөн тышкары дагы жыгач табыт табылган. Бул бейиттердин деңгээлинен төмөнүрөөк алгачкы эки өлүк жаткан. Чыгыш тарабындагы бейит менен катар 1937-жылы изилденген батыш тарабындагы бейит күмбөздүкүндөй 25 х 25 см чийки кирпич менен жабылган. Бейиттин жер тамында эркектин скелети жаткан, скелеттин негизинде ал кишинин бою эки метрден ашык болгондугу далилденген. Күмбөздүн бетиндеги арабча жазууну 1938-жылы А.М.Беленицкий толук окуган. Улуу архитектуралык эстелик катарында «Манас» күмбөзү Кыргыз Республикасында биринчи ирээтте реставрацияга коюлган. Күмбөздүн өзү гана изилденбестен айлана тегереги да изилденген. Күмбөзү азыр Таласта сакталууда
Манас атанын «Хан өргөөсү»
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Биздин ата-бабалар өзүнүн башкарган инсандарын ар дайым Хан өргөгө олтургузуп, атайын 12 канат боз үй көтөрүшкөн. Анын сынары, Манастын 1000 жылдык маарекесине карата, “Хан өргө” жасалган.”Хан өргөнүн бийиктиги 5 м. 70 см, диаметри 10 м, түндүгүнүн диаметри 150 см. “Хан өргө” демекчи атайын хандарга арналып колунан көөрү төгүлгөн усталардын, уздардын чеберчилиги менен жасалган. Бул боз үйдүн кереге жана ууктарын Талас районундагы Үчэмчек айылынын тургуну Табил Рыскулбеков жасаган. Ички-сырткы жасалгаларын уздар: Молдокулова К., Алапбаева У. ж.б уз чеберлер эмгектенишкен. Боз үй “Манас” эпосунун 1000 жылдык маарекесинде баш байгеге татыктуу болгон. Азыркы учурда бул зор боз үй бүлүнбөй Шайылдаева Жаңылбүбүнүн колунда сакталып турат. Манасты көп адамдар изилдеген.
Таластан чыккан манасчылар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Манасчы- бул легендарлуу “Манас” эпосун ыр түрүндө төгүп айткан адам. Бул жанр бир гана кыргыз элине гана тиешелүү. Ал эми Талас жеринен көптөгөн манасчылар чыккан. Маалымат боюнча эң жогорку денгээлдеги манасчылардын саны 19. Азыркы учурда ушул өнөр менен алектенгендер Жумалиев Асанкан (1947-ж), Сейдрахманов Назаркул (1951-ж), Жумалиев Анарбек (1958-ж).
Манасчылар мектеби
[түзөтүү | булагын түзөтүү]КУМОКде азыркы учурда Манасчылар мектеби иштеп жатат. Бул мектеп UNESCO уюмунун жардамынын негизинде түзүлгөн, азыр Мамадалиев Камил аттуу манасчы иштеп жаткан учуру. Анын кол алдында 7 жаш муун үйрөнүп жатат. Алар: Замир уулу Бактыяр,Шайлообек у Адилет, Ыдырыс уулу, Чокоев У, Нурлан уулу, Накыпов К, Мамыров М, Тилек уулу. Бул жаш манасчылар көптөгөн Мамлекеттик денгээлдеги конкурстарга катышып келүүдө.
Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплексинин ичиндеги аймактар.
[түзөтүү | булагын түзөтүү]КУМОКдо көптөгөн объектилер курулган. Алар: администрациялык корпус, Манас таануу борбору, автоунаалар жайы, Манастын кырк чоросун чагылдырган көпүрө же арка, оң тарапта “Манас ата” гулзарбагы, гулзарбактын ичинде Манас жана анын кырк чоросунун айкели чагылдырылган, сол тарапта Манас айылы, 2 кабаттан турган “Манас” эпосунун музейи, Манастын күмбөзү, Манас кароол чокусу, элдик даарыгерлер борбору, түлөөкана, улуттук ат оюндары ойнолуучу “ат майданы” ж.б. кичи объектилер жайгашкан.
Жылдык отчет
2005-жыл. Жалпы КУМОКко келген адамдардын саны 76 334 мин адам Түлөө 504, Үйлөнүү 387, Чет өлкөдөн 584; 19 өлкөдөн келишкен.
2006-жыл. Жалпы КУМОКко келген адамдардын саны 78 876 мин адам Түлөө 750, Үйлөнүү 647, Чет өлкөдөн 233 алардын ичинен: АКШ-46, Германия-30, Франция-12, Жапония-7, Корея-26, Италия-2, Щвецария-7, Малайзия-2, Австралия-3 ж.б. өлкөлөрдөн.
2007-жыл. Жалпы КУМОКко келген адамдардын саны Январь-3 641, Февраль-2 986, Март- 4 245, Үйлөнүү 42, 38, 40, Чет өлкөдөн 4, Түлөө 23, 25, 29, Демек, КУМОКко адамдардын жылдан жылга келиши көбөйүп жатканы байкалды. КУМОКне салым кошкон инсандар. “Манас күмбөзү” Мамлекеттин кароосуна алынгандан тартып төмөнкү инсандар жетекчилик кылып келген. 1. Нурбеков Кеңешбек - “Манас” музей коругунун директору (1990-1991). 2. Давлеталиев Үсөнбек - “Манас” музей коругунун директору (1993-1993). 3. Алибаев Досумбек - Кыргыз Мамлекеттик “Манас Ордо” комплексинин директору (1996-2000). 4. Сыдыкбеков Нуржан - Кыргыз Мамлекеттик “Манас Ордо” комплексинин директору (2000-2001) 5. Чынаев Женишбек - Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” Комплексинин генералдык директору (2001-2005). 6. Чоюнбаев Ормошбек - Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” Комплексинин генералдык директору (2005).
Чоюнбаев Ормошбек Жетигенович 15-январда 1955-жылы Талас районуна караштуу Талды-Булак айылында туулган. 5 баланын атасы. 1971-1978 жылдары Фрунзе шаарындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Экономика факультетин аяктаган. Өзүнүн ишин ушул убакка чейин жалаң гана Мамлекеттик жумуштарда уланткан. Азыркы учурда Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексинин генералдык директору.