Манас Шоорук канды жеңип, кызы Акылайды тартууга алганы

Википедия дан

Манас Шоорук канды жеңип, кызы Акылайды тартууга алганы — эпостогу салттык туруктуу окуялардын бири, белгилүү варианттардын басымдуу көпчүлүгүндө өзүнчө эпизод катары баяндалат.

Алайдын түштүк жагындагы Кундуз; Талкан, Кара-Тегинди жердеген теги маймундардан чыккан калча деген элдин улугу Кезектин уулу Шоорук кан Манастын көчүп келген кабарын угуп жеримди тарытып жибермек болушту, Алтайдан качып келген кыргыздарды чаап алып, чегимен алыс кубалап жиберейин деп оолугуп кол жыят. Кызы Акылайдын жаман түш көрдүм, барба дегенине болбой аттанып, Алайга ашып түшүп, ал өрөөндөгү нойгут, окчу урууларына кол салып, айылдарын талап кирет. Жоо басып калган айылдардагы эр азаматтардын көбү кыргын таап, катын-бала, кыз-кыркын тоо-ташка качат, эл үркөт. Күлүшаа тоосунда аң уулап жүргөн Манаска Акбалта өзү барып кабар айтат. Кол келсин деп элге киши чаптырып, өзү адамдары менен шашылыш аттанган Манас калчалар Алайдагы элди талап чаап, жайыттагы малын айдап кайра тарткан кезинде жетип, куугунчу келсе токтоткула деп тосотко жиберген адамдарын кыйратып өтүп, Шооруктун өзү баштаган негизги күчүнө жетип кол салганда арттан кыргыздын кошуну келип урушка аралашат. Катуу согуш болуп, Шооруктун үч жүз миңдей колунун көбү кырылып, өзү түн ката качып жөнөйт. Манаска алы жетпесине көзү жеткен Шоорук кууй барган Манаска арачы салып, кечирим сурап, кызы Акылайды баш кылып отуз бир кыз тартуу тартат. Эки эл жарашып, өз каалоосу менен Акылай Манаска тиет. Кырк күн той берилип, эл тарап, Манас Акылайды алып Анжыянга кайтат.

Эпизод Радлов жазып алган вариантта жок, бирок Манас Каныкейге үйлөнөрдөгү атасына айткан сөзүндө талаадан кармалган Кайып кан кызы Карабөрк менен катар коргондон олжолоп алынган Шооруктун кызы Акылай да эскерилет.

Саякбай Каралаевдин вариантында: Бакайдын кеңеши боюнча мурда нойгуттарды көп жолу чаап алып кордук көргөзгөн жети талаа Жаркенди жердеген калчанын каны Шоорукка каршы Манас кырк жигити менен аттанып, анын төө минген аскерлерин талкалайт. Шоорук коркуп, кызы Акылайды баш кылып сексен кыз тартуу тартат. Шооруктан кайра келе жатканда Жанаалы, Карач менен кызы Көрпаянды Бакайга мурда бербей койгондугу үчүн урушмак болушат. Бирок, Манастарга кезигип калган Жанаалы элдешүүнү өтүнүп, Көрпаянды Бакайга бермек болот. Манас Таласка кайтат (Бакайдын Көрпаянга үйлөнүшү жөнүндөгү окуя Радлов жазып алган вариантта, ошондой эле Сагымбай Орозбаковдун вариантында да жок. Башка манасчылардын варианттарында да эскерилбейт).

Шооруктун окуясы Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын мүнөздө Шапак Рысмендеевдин вариантында, Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында жана башка манасчыларда бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4