Манас кыргыз баатыры

Википедия дан

«Манас кыргыз баатыры» (Manas Kirgiz hosenek) — эпостун курама вариантынын (1—2-китеп) венгер тилине которулуп басылган китеби (Будапешт, Европа басмасы, 1979). Которгон Беде Анна. Текстти тандаган жана соңку сөзүн, эскерүүлөрүн жазган Урайне Кохалми Каталин, сүрөттөрү Касс Ианос Кесзитеттеники. Эпостун төмөндөгү эпизоддору кыскартылып ыр түрүндө которулуп китепке киргизилген: жомок башы; баатырдын төрөлүшү; Манастын балалык чагы; Манас менен Кошой балбандын жолугушу; Манастын колу душмандарын багынтып Тянь-Шанга көчүп келиши; Алооке кандын Манас баатырдан качышы; Азиз кандын Алтынайга үйлөнүшү, Алмамбет баатырдын туулушу, туугандарынан качып чыгышы; Алмамбеттин куугунчу жоо менен салгылашышы жана Манаска кошулушу; Манастын колуктусу менен таанышканы; баатырдын өлүмү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4