Манас таануу

Википедия дан

Манас таануу - кыргыз фольклористикасынын «Манас» үчилтигин («Манас», «Семетей», «Сейтек») илимий негизде изилдөөчү бөлүмү. «Манас» эпосун илимий аңдап-билүү 19-кылымдын экинчи жарымында Ч. Валиханов (1856) менен академик В. В. Радлов тарабынан башталган. Ал иш советтик доордо гана жакшы өөрчүдү. Кыргыз элинин оозеки чыгармаларынын көбүн («Манас» үчилтигин көп варианттары менен кошо) текши жыйнап алуунун негизинде кыргыз фольклористикасы пайда болуп, өөрчүй баштады. 30-жылдарда М. Ауэзовдун кеңири илимий талдоо жүргүзгөн изилдөө иши жазылып, «Кыргыздын элдик баатырдык поэмасы “Манас” деген ат менен «Ар жылдар ойлору» (1959) макалалар жыйнагына басылган. Бул изилдөөдө эпостун мазмуну талданып, айтуучулар (манасчылар), эпостун жаралыш мезгили, образдар системасы, поэтикалык каражаттары каралган. 40-жылдарда «Манас» эпосун изилдөө сферасы бир кыйла кеңиген. Бул мезгилдеги актуалдуу изилдөөлөрдөн К. Рахматуллиндин «Манасчылар» (Биобиблография, 1942), А. Н. Бернштамдын «Кыргыздын улуу баатырдык эпосу ...Манастын чыгыш доору» (1946), С. М. Абрамзондун “Манас” эпосундагы этно­графиялык сюжеттер» (1947), В. М. Жирмунскийдин “Манасты” изилдөөгө киришүү» (1948) жана М. И. Богданова, Ө. Жакишев, Ы. Абдрахманов ж. б. макалаларын атоого болот. 50-жылдарда айрыкча «Манас» эпосун изилдөөгө арналган илимий конференциядан (1952, 6–10-июнь) кийин эпосту изилдөө боюнча маанилүү иштер аткарыла баштады. Конференцияда «Манас» эпосунун элдүүлүк проблемасы жөнүндөгү маселе талкууланып, элдик чыгарма деп табылган. 1957-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда «Манас» сектору уюшулуп, эпос боюнча топтолгон материалдарды системага салып, басмага даярдоо жана илимий изилдөө багындагы иштер улантылган. Натыйжада «Манас» үчилтигинин кыскарта бириктирилген вариантынын төрт китеби чыккан (кириш сөздөрүн жазгандар: Б. Юнусалиев – 1-китеп; Б. Керимжанова – 3-китеп; К. Асаналиев – 4-китеп). «Мажму ат-таварих» аттуу тажикче кол жазманын табылышы да «Манас» эпосунун тарыхын изилдөөгө баалуу материал болду. Анын баш сөзүндө «Манас» эпосунун жаралыш тарыхы иликтенет. 1961-жылы М. Ауэзовдун, В. М. Жирмунскийдин, М. Богданованын, П. Н. Берковдун, А. Токомбаевдин, Т. Сыдыкбековдун, Б. Юнусалиевдин макалаларынан куралган орус тилинде «Кыргыздын баатырдык эпосу “Манас” деген жыйнак жарыкка чыккан. Анда «Манас» жөнүндөгү 1960-жылга чейин жарык көргөн адабияттардын библиографиялык көрсөткүчү да бар. Б. Керимжанованын “Семетей” жaна “Сейтек” (1961), М. Мамыровдун “Семетей” эпосу – “Манас” үчилтигинин экинчи бөлүгү» (1963), З. Мамытбеков менен Э. Абдылдаевдин “Манас” эпосун изилдөөнүн кээ бир маселелери» (1966), Р. З. Кыдырбаеванын “Манас” эпосундагы традициялуулук жана индивидуалдуулук проблемасына карата» (1967), С. Бегалиевдин “Манас” эпосунун поэтикасы жөнүндө» (1968), А. Маргуландын «Чокон жана “Манас” (1971), Р. Сарыпбековдун «Алмамбеттин образынын эволюциялык өнүгүшү» (1977) деген монографиялык эмгектерде эпостун түйүндүү маселелери: поэтикалык өзгөчөлүгү менен стили, түрк элдеринин эпостору менен эпикалык карым-катышы, типологиялык байланыштары, эпостун циклдик мүнөзү каралган. 1968-жылы В. В. Радловдун, Ч. Валихановдун, Г. Алмашинин, П. Фалевдин, Е. Поливановдун, К. Рахматуллиндин, А. Бернштамдын, П. Берковдун, С. Абрамзондун, Б. Юнусалиевдин илимий макалаларынан жаралган жыйнак “Манас” – кыргыз элинин баатырдык эпосу» деген ат менен «Илим» басмасынан чыкты. ошондой эле Е. М. Мелетинскийдин «Баатырдык эпостордун чыгышы» (1963), С. М. Абрамзондун «Кыргыздар»... (1971) аттуу монографияларында жана «Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынын тарыхынын очерки» (1973) аттуу эмгекте да «Манас» эпосун талкууга алган атайын бөлүмдөр бар. «Манас» боюнча кандидаттык диссертациялар корголгон. «Манастын» ар кайсы маселелерин изилдеген бу мезгилге чейинки эпостун орчундуу маселелери чечилгени менен алигиче бир пикирге келип тактала элек, болжолдуу маселелери дагы эле көп. Ал маселелерди тактап, илимий жактан изилдөө – келечектин иши.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]