Манас таш

Википедия дан

Манас таш, Манастын ташы — топоним. Кыргызстандын (Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району) аймагындагы тоонун боору, алыс сырт жер. Көөлү кырка тоосунун түндүк капталындагы жантайма бет. Көөлү суусунун оң (түштүк-чыгыш) өндүрү, Борду-Төрдөн (Көөлүнүн оң куймасы) өйдө, 3400—3600 м бийиктикте жаткан чакан аймак. Уз. (батыштан чыгышты карай) 34 км, туурасы 1,5 — 2 км. Топографиялык картада аймак «ур. Манастын ташы» деген жазуу менен берилген. Топонимдин тарыхы, этимологиясы изилдене элек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4