Мазмунга өтүү

Манас эл аралык аэропорту

Википедия — ачык энциклопедия
("Манас (Эл аралык аэропорт)‎"‎ барагынан багытталды)
Манас эл аралык аэропорту

IATA: BSZICAO: UCFM
BSZ (Кыргызстан)
BSZ
Кыскача маалымат
Түрү Жарандык
Өлкө  Кыргызстан
Ээси "Кыргызстан аэропорттору" ААК
Тейленүүчү шаар Бишкек, Кыргызстан
Жайгашкан жери Чүй облусу
Ташырман хабы * Aero Nomad Airlines
ДД бийиктиги 637 m / 2090 ft
Координаттары 43°03′40″ с. ш. 74°28′39″ в. д.HGЯO
Сайты www.airport.kg
Учуп-конуу тилкелери
Багыты Узундугу Төшөмү
m ft
08/26 4,204 13,793 Армобетон
Статистикасы (2024)
Жылдык жүргүнчү агымы 3,000,000 адам

Манас эл аралык аэропорту (IATA: BSZ, мурда: FRU ICAO: UCFM) ― Кыргызстандын башкы эл аралык аэропорту, борбор калаа Бишкектен 25 километр (16 миль) түндүк-түндүк-батышты карай жайгашкан.

Шаардын түштүгүндө жайгашкан эски Бишкек аэропортунун ордуна курулган. Эң атактуу кыргыз жазуучусу жана интеллектуалы Чынгыз Айтматовдун сунушу боюнча, кыргыз эпостук баатыры Манастын атына аталган. Аэропортко учак эң биринчи жолу 1974-жылдын октябрында конгон. Анын бортунда Совет премьер-министри Алексей Косыгин болгон. 1975-жылы 4-майда аэропортто эң биринчи пландалган рейс Москвага (Домодедово) болгон.

1991-жылы Кыргызстан Советтер Союзунан көз карандысыздыкка жетип, аэропорттун инфраструктурасы жай, бирок туруктуу түрдө төмөндөй баштаган. Он жыл бою ал кароосуз калып, аэропорттун чыгыш жагында металлолом толуп кеткен: алардын ичинде Советтик 60тай эски самолеттор, вертолеттор, аба лайнерлери ж.б. керексизделип жатышкан.

"Кыйрагыс эркиндик " операциясы башталган соң, АКШ өкмөтү өз коалициясынын өнөктөрү менен Ооганстандагы операцияларды ишке ашыруу максатында аэропортту аскердик база катары колдонууга уруксат сурайт. Коалициялык күчтөр 2001-жылда сентябрдын аягында келишет. Келери менен эле аэропортто операциялар жана жабдуулар иш жүзүнө кеңири ашырыла баштаган. Кароолсуз калган учактар жайытка айланып, алардын ордун коалициялык учактар ээлеп, араң турган ангарлардын ордуна кыйраткыч учактар үйү тургузулган. Жүргүнчүлөр жолу боюнча аскерлер палаталарынан турган шаарча пайда болот. Питер Гансинин урматына америкалык күчтөр ал жерди "Ганси авиабазасы" деп аташат. Ганси, өрт өчүргүчтөр башчысы, 11-сентябрда Нью-Йоркто террористтик чабуулда каза тапкан. Кийинчерээк, Гансинин ордуна Манас абабазасы деген ат коюлган.

2004-жылы, жүргүчүлөр терминалынын астында жаңы автотурук курулуп, транспорттук учактарга кененирээк жер түзүлгөн.

2025-жылы 11-августта аэропорт ИАТАнын FRU кодун BSZ менен алмаштырган[1]. Буга чейин колдонуп жүргөн ИАТАнын FRU аттуу коду Бишкектин Советтер убагындагы Фрунзе атынан келип чыккан.

2025-жылдын 7-мартында «Манас» эл аралык аэропортунун реконструкциясы башталып, инфраструктураны жаңыртуу боюнча ири иштерге жол ачты. Терминал комплекси 38 919 чарчы метрден 56 919 чарчы метрге чейин кеңейтилет — бул кошумча 18 000 чарчы метрди түзөт. Жаңылануу алкагында төмөнкү иштер каралган:

  • каттоо эсептеринин санын көбөйтүү
  • күтүү залдарын кеңейтүү
  • заманбап эс алуу жана тамактануу зоналарын түзүү

Бул өзгөрүүлөр жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун жогорулатууга багытталган. Ошондой эле аэропорттун иштөөсүнүн эффективдүүлүгүн жана тейлөө сапатын жогорулатуу үчүн жаңы технологиялык чечимдер киргизилет. Модернизациянын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — негизги терминалдарды бириктирген жабык өтмөктүн курулушу болот. Ал аба ырайынан коргоо менен каттамдар ортосунда тез кыймылды камсыз кылат[2].

Кыргызстандын негизги аэропортунун реконструкциясы China Road and Bridge Corporation компаниясынын жетекчилиги алдында башталды. Компания 2025-жылдын аягына чейин учуп-конуу тилкесин, учак токтотуучу аянтчаны жана жарыктандыруу системаларын жаңыртат[3].

Авиакомпаниялар жана каттамдар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Авиакомпания Багыты Эскертүүлөр
КыргызстанAvia Traffic Company Красноярск, Новосибирск, Казань,

Москва (Домодедово), Санкт-Петербург, Ош

КыргызстанAero Nomad Airlines Ош, Москва (Внуково), Дели, Исламабад, Лахор, Нячанг[4] (чартер), Кашгар[5] [6]
КыргызстанAsman Airlines Ош, Баткен, Жалал-Абад, Раззаков, Каракол, Талас, Кербен,

Нарын, Хожент

КыргызстанSky FRU Ош
Кыргызстан TezJet Баткен, Жалал-Абад, Каракол[7], Ош, Раззаков, Ташкент, Москва (Домодедово)[8] [9]
ОрусияАэрофлот Москва (Шереметьево)
ОрусияNordwind Airlines Казань
ОрусияРоссия Красноярск
ОрусияS7 Airlines Новосибирск
ОрусияRed Wings Airlines Махачкала
ОрусияUtair Cургут
ОрусияUral Airlines Москва (Домодедово), Москва (Жуковский), Екатеринбург, Санкт-Петербург
ТүркияAJet Анкара[10], Стамбул (Сабиха Гөкчен)[11]
ТүркияPegasus Airlines Анталия, Стамбул (Сабиха Гөкчен)
ТүркияTurkish Airlines Стамбул
КазакстанAir Astana Алмата
КазакстанFlyArystan Астана Сезондук[12]
КазакстанQazaq Air Астана [13]
ӨзбекстанUzbekistan Airways Ташкент
ӨзбекстанCentrum Air Ташкент [14][15]
КытайChina Southern Airlines Пекин, Урумчи [16]
КытайLoong Air Чэнду, Сиань [17]
Бириккен Араб ЭмирликтериAir Arabia Шаржа [18]
Бириккен Араб ЭмирликтериFlydubai Дубай
АзербайжанAzerbaijan Airlines Баку [19]
ТажикстанSomon Air Душанбе [20]
Корея РеспубликасыT'way Air Cеул-Инчхон [21]
Сауд АрабиясыFlynas Жидда
КувейтJazeera Airways Кувейт
ЕгипетRed Sea Airlines Шарм-Эль-Шейх сезондук

чартер[22]

Жүк ташуу (карго)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Авиакомпания
Багыттары
RUS Aviation[23]Шаржа
Silk Way AirlinesБаку, Үрүмчү
Turkish Cargo[24]Алмата, Бангкок–Суварнабхуми, Гуанчжоу, Исламабад, Стамбул, Шанхай–Пудоң
Turkmenistan Airlines Cargo[25]Түкмөнабад
Uzbekistan Airways CargoНавои
YTO Cargo Airlines[26]Шицзячжуан

Кырсыктар жана окуялар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • 2002-жылы 23-октябрда таңга жуук, Третьяково Аба Транспорттук компаниясы жетектеген IL-62 авиалайнери учуп чыгуу маалында учуп-конуу тилкесинин жээгинен чыгып кетип, аварияга туш болгон. Бортто жүргүнчүлөр жок болгон. Ал эми экипаждын бардык 11 мүчөсү тең жеңил гана жарадар болуп, качып чыккан. Аларды АКШнын биргелешкен аба күчтөрү жана Манас аэробазасындагы Түштүк Кореялык аскер клиникасы кабыл алган. Кыргыз персоналы ал самолеттун калдыктарын майдалап, ошол жерге калтырып коюшкан. Кыйроонун калдыктары дагы деле быкшып күйүп жатканда, аэропорттук операциялар кайра калыбына келген.
  • 2004-жылдын ноябрында, жарандык жүк ташуучу Боинг 747 тескери жакка ― жаңы Марсден Маттинг аттуу кыйраткыч учактардын туругуна багыт алган. Самолет аябагандай оор болгондуктан, ошол жерде такалып, учак жолун тосуп туруп калган. Аэропорттук операциялар бир нече саатка токтолгон. Кийинчерээк, трактор менен самолетту ордунан тартып чыгышкан.
  • 2006-жылы 26-сентябрда, Москва-Домодедового багыт алган Туполев ТУ-154 учар маалында жерге жаң конгон АКШ аскердик танкер менен урунушкан. Туполевдун бортунда 52 жүргүнчү жана тогуз кишилик экипаж бар болчу. Туполевдун бортунда 52 жүргүнчү жана тогуз кишилик экипаж бар болчу. Бир канаты сынса да, аны өз жерине кайра айдап баруу колдон келди. Ал эми танкер үч киши бар, ошондой эле суюк отун менен толук эле. Ал отун тез күйүп кетип, танкер толук бойдон кыйратлган. Эки самолетто тең эч ким жарадар болгон жок.
  • 2008-жылы 24-августта Тегеранга багыт алган Итек Эйр боинги аэропорттон 3 км алыстыкта жерге кулап түшүп, талкаланган. Анда 68 адам каза тапкан. 22 адам, анын ичинде экипаж мүчөлөрү тирүү калган. Аэропорттун өкүлүн айтымы боюнча, экипаж борттогу техникалык көйгөйлөр жөнүндө билдиришип, аэропортко кайтып баратканда, учак жерге кулаган.
  • 2011-жылы 28-декабрында Бишкектен учуп чыккан Кыргызстан авиялиниялары ТУ-134 Ошто конууга аракет кылган. 80 жүргүнчүдөн жана алты экипаж мүчөлөрүнөн турган самолет учуучу жолдун тышына чыгып кетип, айланып барып, от алынып кеткен. 31 адам жарадар болуп, 17 адам госпиталдаштырылган.
  • 2017-жылдын 16-январында Turkish Airlines компаниясына таандык 6491-рейс, ACT Airlines тарабынан Turkish Cargo үчүн ижарага алынган Boeing 747-400F учагы, Гонконгдон Стамбулга Бишкек аркылуу бара жатып, калың тумандын айынан конууга аракет кылган учурда учуп-конуу тилкесине жете албай, жакын жайгашкан айылга кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен төрт учкуч жана жердеги 34 адам каза болуп, жалпысы 38 адамдын өмүрү кыйылган[27].
  1. FRU больше не будет. Аэропорт "Манас" официально сменил код (англ.). kaktus.media. Текшерилген күнү 19 -август (баш оона) 2025.
  2. В международном аэропорту «Манас» начнется масштабная реконструкция (орусча). 24.kg. Текшерилген күнү 12 -июнь (кулжа) 2025.
  3. Реконструкцию взлетно-посадочной полосы и перрона проведут в аэропорту «Манас» (орусча). 24.kg. Текшерилген күнү 12 -июнь (кулжа) 2025.
  4. Жаңы этап: Бишкек – Нячанг-Бишкек түз рейси (аптасына 3 жолу). aeronomad.kg. Текшерилген күнү 12 -июнь (кулжа) 2025. Түп булактан архивделген күнү 12 -июнь (кулжа) 2025.
  5. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу — Кытайдын түштүк-батыш аймагына түз авиабайланыш ачылууда.. aeronomad.kg. Текшерилген күнү 17 -июнь (кулжа) 2025. Түп булактан архивделген күнү 11 -июнь (кулжа) 2025.
  6. Наши направления (орусча). aeronomad.kg. Текшерилген күнү 11 -июнь (кулжа) 2025. Түп булактан архивделген күнү 12 -июнь (кулжа) 2025.
  7. Кыргызстандын Каракол шаарын TezJet менен кыдырып көрүңүз (орусча). flytezjet.com. Текшерилген күнү 11 -июнь (кулжа) 2025. Түп булактан архивделген күнү 21 -июнь (кулжа) 2025.
  8. TezJet Plans Bishkek – Moscow late-August 2025 Launch (англ.). Aeroroutes. Текшерилген күнү 19 -август (баш оона) 2025.
  9. TezБагыттар. flytezjet.com. Текшерилген күнү 11 -июнь (кулжа) 2025.
  10. AJet NS24 New Flight Number Designations – 12MAR24 (англ.). aeroroutes.com. Текшерилген күнү 11 -июнь (кулжа) 2025.
  11. AJet Adds Istanbul – Bishkek Service in NS25 (англ.). AeroRoutes. Текшерилген күнү 12 -июнь (кулжа) 2025.
  12. Flights Astana - Bishkek! (англ.). flyarystan.com. Текшерилген күнү 11 -июнь (кулжа) 2025.
  13. Qazaq Air запустила прямой авиарейс между Бишкеком и Астаной (орусча). Кактус Медиа. Текшерилген күнү 11 -ноябрь (жетинин айы) 2025.
  14. Centrum Air June 2025 Regional Network Expansion (орусча). aeroroutes.com. Текшерилген күнү 11 -июнь (кулжа) 2025.
  15. Centrum Air запустил прямой регулярный рейс в Бишкек (орусча). Economist.kg. Текшерилген күнү 24 -июнь (кулжа) 2025.
  16. Kyrgyzstan’s international airport welcomes first flight from Beijing (англ.). Trend.Az. Текшерилген күнү 11 -июнь (кулжа) 2025.
  17. Loong Air Adds Chengdu – Bishkek From Dec 2023 (англ.). AeroRoutes. Текшерилген күнү 11 -июнь (кулжа) 2025.
  18. Best one-way flight deals from Bishkek (англ.). airarabia.com. Текшерилген күнү 11 -июнь (кулжа) 2025.
  19. Azerbaijan Airlines Begins Bishkek Service From late-July 2023 (англ.). aeroroutes.com. Текшерилген күнү 11 -июнь (кулжа) 2025.
  20. Бишкек и Душанбе возобновили авиасообщение: в «Манасе» приземлился самолет Somon Air (орусча). economist.kg. Текшерилген күнү 11 -июнь (кулжа) 2025.
  21. T'way to begin regular flights to Kyrgyzstan (англ.). Korea JoongAng Daily. Текшерилген күнү 11 -июнь (кулжа) 2025.
  22. Red Sea Airlines NW25 Bishkek / Yerevan Scheduled Charters (англ.). aeroroutes.com. Текшерилген күнү 11 -ноябрь (жетинин айы) 2025.
  23. rusaviation.com - Route map & Schedules retrieved 10 April 2023
  24. Turkish Airlines Cargo Winter Schedule. Түп булактан архивделген күнү 4 -июнь (кулжа) 2013.
  25. Авиакомпания "Туркменистан" запустила регулярные грузовые рейсы в Бишкек | Общество (4 May 2023).
  26. YTO Express adds Kyrgyzstan freighter flights (20 January 2020).
  27. "ASN Aircraft accident Boeing 747-412F TC-MCL Bishkek-Manas International Airport (FRU)" (англ.). Aviation Safety Network. Текшерилген күнү 12 -июнь (кулжа) 2025.