Манас (топоним)
Манас (топоним) — топоним. Дагстандын Ленин районунундагы климаттык курорт. Каспий деңизинин жээгинде. Махачкала шаарынан 50 км түштүк-чыгышта. Курорттун аймагында минерал суулар (йод-бром) бар. Мында «Каспий», «Чайка» санаторийлери, эс алуу үйлөрү иштейт. Бул курорттун, ошондой эле Дагстандагы башка жер-суу аталыштары (Манаскент, Манасмахи, Манас темир жол станциясы жана башкалар) мында илгертеден жашап келаткан ногой калкынын дастанына байланыштуу деп каралат. Ногой, кыпчак жана башкалар уруулар Түндүк Кавказга Алтын-Ордо кулагандан кийин (15-к.) ооп келген. Манас ногой уругунан чыккан дегенди эске алганда Дагстандагы топонимикалык «Манасиа» да Манастын ысымына байланыштуу экендигин байкоого болот.
Манас — топоним. Дагстандын Ленин районунун аймагындагы темир жол станциясы. Каспий деңизинин жээгинде. Махачкала шаарынан 34 км түштүк-чыгышта. Станциядагы кыштакта кумык, авар, даргин, орус жана башкалар эл жашайт.
Манас — топоним. Индиянын түндүк-чыгышы менен Бутандагы (башаты Кытайда) дарыя. Брахмапутранын оң куймасы. Уз. 400 км чамасында. Гималай тоолорунан башталат. Жаз — жай айларында кар, мөңгүнүн эришинен, муссон жамгырларынан суу кирип, ташкын пайда кылат Сугатка пайдаланылат.
Манас — топоним. Казакстан аймагындагы тоолуу жер, жайлоо. Эртиш дарыясынын баш жагында, ландшафты шалбалуу талаа. Жергиликтүү элдин айтымында топоним Манас доорунан калган эстелик. Эпостогу белгилүү көп окуялар Эртиш дарыясынын чөлкөмүндө өткөн. Жердин атынын Манаска тиешеси бар экенин Ч. Валиханов да ырастайт (1860).
Манас — топоним. Казакстан (Жамбыл облусунун, Георгиевка району) аймагындагы бейит, мазар. Чүй дарыясынын оң жээгиндеги Какпак-Суунун чатынан бир аз ылдый. Мазардын орду революцияга чейин жарыяланган топографиялык карталарда көрсөтүлгөн.
Манас — топоним. Казакстан (Жамбыл облусунун, Луговой району) аймагындагы кыштоо. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк этегинде. Малды(5ай темир жол станциясынан түштүк-чыгышта. Топоним Манастын ысмына байланыштуу аталган.
Манас — топоним. Кыргызстандын (Нарын облусунун, Жумгал району) аймагындагы кыштоо. 1913-ж. өткөн чарбалык каттоодо белгилүү болгон. Топоним Манас баатыр жүргөн жерлердин бири деп эсептелет.
Манас — топоним. Кытайдын батышындагы дарыя. Чыгыш Тянь-Шандын түндүк капталындагы дарыялардын эң ириси. Ирен-Хабырга массивиндеги мөңгүлөрдөн башталат. Башталышында терең жана кууш капчыгайлар, ортоңку жана төмөнкү агымында Жунгар түздүгү аркылуу өтүп, Манас (Ихэ-Хак) көлүнө куят. Уз. 402 км, 20-кылымдын 40-жылдарына чейин Айран-Көлгө куйган. Сугатка пайдаланылат.
Манас, Манса, Маниса, Манас — топоним. Орто Азияда ошондой кылымдарда жайгашкан бийик тоолу өлкөнүн ысмы. . Фарс тилинде жазылган «Худад ал Аламда» жолугат (10-к.). Анонимдик автордун бул эмгеги боюнча Манса эбегейсиз зор, көп тармактуу залкар тоо системасы. Манса түштүктө Тибеттен башталып, түндүктө «Тараз менен Шелжинин» (азыркы Талас өрөөнүнүн орто бөлүгү) чегине, батышта Туран ойдуңунан, чыгышта Кытайга чейин созулат. Тоо системасынын чыгыш жагы Тафкан, борбордук бөлүгү Игражарт, түштүк тарабы Буттем деп аталган. Мансанын айрым тармактары кыргыздардын өлкөсүн көздөй да бет алган.
Маниса тоо системасынын негизги бөлүгүн азыркы кыргыз жергесинин Ала-Тоосу алып турган. Талас Ала-Тоосунун бийик чокусу — Манас (Манас-Ата) илгерки Маниса топониминин өзгөргөн формасы (А. Н. Бернштам, 1947) же тескерисинче, Мансанын (Маниса) өзү андан мурунку Манас ысмынын араб жазуусунун тыбыштык системасынын бир мүчүлүштүк көрүнүшү деп каралышы мүмкүн.
Манас — топоним. Өзбекстандын Самаркан жана Сурхан дарыя обл-тарында жайгашкан канал. Зарафшан дарыясынын чөлкөмүндө, биздин заманга чейин биринчи миң жылдыкта курулган. Зарафшан дарыясынан чыгарылган канал 300 кмге созулуп, анын суусу менен Зарафшан жана Каршы өрөөндөрүнүн кургак талаа, чөлдөрү сугарылган. Ал ошондой кылымдарда, Тимурдун убагында да ирригациялык маанисин жоготкон эмес. Совет бийлигинин тушунда канал кайра курулуп, кеңейтилген. Каналдын нугу менен секундасына 453 м суу агат. Топоним Манас атанын ысмына байланыштуу аталган болуу керек.
Манас — топоним. Сокулук районунундагы Ат-Башы айыл советине караштуу кыштак. Ат-Башы дыйканчылык өндүрүш заводунун аймагыңда, Бишкек —«Манас» аэропорту автомобилдик жолунун боюнда. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 40 км түндүк-чыгыш тарапта. 1950-ж. негизделген. Калкы 3473 (1987); негизинен жашылча өстүрүүдө эмгектенишет. Орто мектеп, амбулатория, балдар бакчасы, маданият үйү, китепкана бар. Үй канаттуулар заводу, өрдөк фабрикасы иштейт.
Манас, Манас-Ата — топоним. Талас Ала-Тоосунун эң бийик жеринин бири. Бийиктиги 4483,8 м. Талас тоо кыркаларынын күн батышында, Күркүрөө суу алабынын баш жагында жайгашкан. Казакстан менен Кыргызстанды бөлүп турган чек арадан 3125 м түндүктө. Өзгөчө бийиктиги, сөлөкөтү, алып турган орду менен Манас-Ата башка тоолордон бөлүнүп, айырмаланат. Жалпы туругу сүйрүчө: түштүктөн түндүктү карай узун (8—9 км), туура жагы кыска (5—6 км). Тулку байыркы палеозойдук сланец, акиташ, кумдак таш (песчаник) тоо тектеринен курулган.
Тоонун баш жагы, чоку бөлүгү (400 м өйдө) конус формасында, тик, жылаңач. Анын бир гана түндүк бети тайпак, узун, 7—8 км созулуп, этеги 1500—2000 м бийиктикте бүтөт. Калган жактары тик, жантык. Батыш капталы 3—4 км, түштүк бети кыска 500—600 м, чыгыш тарабы аска-зоокалуу, 4000—3800 м чейин гана созулат. Түштүк жана чыгыш жагынан коңшу бийик тоолор менен туташып кетет. Манастын тоосунан бир кыйла майда суулар (Куруч-Көлдүн, Аташ-Чапкандын оң куймалары) куралат. Алардын ирилери — Кара-Шылдыр, Дандыр.
Элдик уламыш боюнча Манас Талас Ала-Тоосунун жонуна чыгып, эл-журт тынчпы, келеткан душман — жоо барбы, жокпу деп ары жак, бери жакты карачу экен. Ошондон эл тоону ыйык көрүп, Манас-Атанын тоосу деп атап калган дейт.
Манас — топоним. Талас облусунун Манас районунундагы Май айыл советине караштуу кыштак. «Манас» совхозунун аймагында, Кызыл-Адыр тоосунун этегинде жайгашкан. Райондун борбору Покровка кыштагынан 23 км батыш тарапта. 1925-ж. негизделген. Калкы 601 (1986), негизинен тамеки өстүрүүдө эмгектенишет. Башталгыч мектеп, китепкана бар.
Манас — топоним. Талас районунундагы Чоң-Алыш айыл советине караштуу кыштак. «Манас» колхозунун аймагында, райондун борбору Талас шаарынан 25 км чыгыш тарапта. Калкы 6259 (1977). Эки орто мектеп, китепкана, медпункт бар.
Манас, Манасаровар, Манам-Цо — топоним. Тибеттин түштүк-батышында Гималай тоо кыркаларынын түндүк этегиндеги көл. Сатлеж (Инди дарыясынын сол салаасы) өзөнүнүн башталыш жеринде. Көл деңиз деңгелинен 4557 м бийиктикте жатат. Аянты 500 чарчы км чамасында. Көл балык, каз-өрдөккө бай, жээктери малга жайыт. Индия, Тибет элдери Манас көлүн ыйык көрүп, ага сыйынышат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4