Манаус

Википедия дан
Манаус.

МанаусБразилиянын түндүгүндөгү шаар. Амазонас штатынын административдик борбору. Калкы 1,9 млн (2010). Амазонкага Риу-Негру дарыясынын куйган жериндеги ири порт (дарыя кемелери келип токтойт; сыртка каучук, бразилия жаңгагын, какао, баалуу жыгачтарды чыгарат). Эл аралык аэропорту бар. Соода борбору. Жыгаччылык, нефть ажыратуу, текстиль, тамак-аш–татымал, тамеки өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, География жана Амазонка тарыхы институту бар. 1660-жылы негизделген. Ботаникалык бак уюштурулган. Шаар тропик токою менен курчалган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]