Мангел менен уруу
Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Оюнчулардын саны 2—4 киши.
Оюн талаада өткөрүлөт.
Оюнда колдонуучу аспаптар. Орок, аркан.
Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Оюнчулар бирден чыбыктарды тикесинен коюшуп андан 10—15 м. аралыкка барышып бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Оюнчулар кезектери келгенде, бирден мангелдерин ыргытышып, чыбыкты жыга коюуга аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Мангелди ыргытып, чыбыкты жыккан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, чыбыктардын жанында турууга болбойт.
Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Оюнда күч тарбияланат, кол менен кыймылдарды так аткарууга, аралыкты туура чамалап аныктоого үйрөтөт.