Мандара

Википедия дан

Мандара (өз аты vandala/вандала) — Батыш Африкадагы эл. Камерундун түндүгүндө жана Нигериянын түндүк-чыгышында, Мандара тоолорунда жана Мора менен Маруа шаарларынын ортосундагы жерлерде жашайт. Тыгыз байланышкан этникалык топтор: матака, даба, гидар, гамергу и падуко.
Жалпы саны 1 млн адам. Анын ичинде 660 миң Камерунда, 320 миң Нигерияда, 10 миң Чадда.

Тил[оңдоо | булагын оңдоо]

Эне тили — вандала. Вандала тили Афроазия макро-үйбүлөнүн чад уясына кирет.
Мындан тышкары, Камерунда мандара арасында француз жана фулбе тилдери кеңири таралган, Нигерияда - хауса жана англис.

Тарых[оңдоо | булагын оңдоо]

16-кылымда азыркы Камерундун түндүгүндө Мандара деген алгачкы феодалдык мамлекет түзүлгөн. 17-кылымда Борну мамлекетинин таасири астында калган. Коом үч ээликке (аристократия, галлипах кызматкерлери жана талагахтын карапайым калкы) жана эки кастага (касапчылар жана темир усталар) бөлүнгөн; кулдар да болгон. Саясий түзүлүшү Борну системасына жакын болгон.
1715-жылы Мандаранын башкаруучусу мусулман насаатчыларына өз өлкөсүнө кирүүгө уруксат берген жана Мандара султандыкка айланган. Ислам дини 18-19-кылымдарда тараган.
Мандара султандыгы Борну жана фулбе менен согушуп, 19-кылымдын аягында судандык махди Мухаммад Ахмедден жеңилип калышты.
1902-жылы султандыктын жерлери Германиянын колониясына айланган, 1922-жылы Улуттар Лигасынын мандаттуу аймагы катары Францияга өткөрүлүп берилген.

Коом[оңдоо | булагын оңдоо]

Социум

Социалдык топтун негизин аксакал башында турган чоң үй-бүлө жамааты түзөт. Туугандык эсеп аталык, нике патрилокалдык; көп аялдуулук өнүккөн.

Дин

Көпчүлүк мусулмандар (сүннөттөр). Кээ бирлери жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат.

Чарбалык иштер

Салттуу кесиби — кол менен иштетилген айыл чарбасы, тоо боорлорунда — террасалык (таруу, сорго, буурчак, жер жаңгак, күрүч, ямс), мал чарбасы (ири жана майда мүйүздүү мал).

Кол өнөрчүлүк

Кол өнөрчүлүктөрдөн көркөм металл буюмдарын жасоо (темир, коло, күмүш), карапачылык жана токуучулук өнүккөн.

Турак жай

Турак жай – таштан же ылай кирпичтен тургузулган, бийик конус түрүндөгү саман чатыры ярустарга салынган тегерек кепе.

Кийим

Салттуу кийимдер: жумуш кийими – эркектердин жамбашына таңуу, аялдар үчүн – денеге оролгон кездеме; майрамдык – эркектер үчүн туника түрүндөгү көйнөк жана аялдар үчүн кенен, түстүү көйнөк.

Тамак-аш

Тамак-ашы негизинен өсүмдүктөрдөн (токочтор, ботколор, жармалар, нан сорпо, күрүч, калемпир, сарымсак, пияз кошулган ачуу татымалдар).

Генетика[оңдоо | булагын оңдоо]

Мандара элинде Ү-хромосомалык R1b гаплогруппасынын жыштыгы 65% чейин жетет. R1b гаплогруппанын аномалдуу жогорку концентрациясы Евразия калкынын Африкага кайтып келген байыркы миграциянын натыйжасында пайда болгон деп эсептелет.

Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]

Вандала (тил)