Мансилер

Википедия дан

Мансилер, вогулдар – РФтеги эл, Тюмень областындагы Ханты-Манси автономия округунун жергиликтүү калкы. Обь дарыясынын сол жээгин (айрыкча Конда, Түндүк Сосьва өзөндөрүнүн куймасын, Берёзов шаарынын аймагын) мекендейт. Айрымдары РФтин Свердлов областында (түндүк-чыгышында) да жашайт. Саны 11,4 миң киши, анын ичинде 9,9 миңи Ханты-Манси автономиялуу округунда (2003). Манси жана көпчүлүгү орус тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – православныйлар. Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын 2-жарымында Батыш Сибирь жана Түндүк Казакстан талааларынан жер ооп келгендер биздин замандын 1-миң жылдыгында Прикамья, Приуралья жана Түштүк Зауральянын жергиликтүү жана угор уруулары менен аралашуусу мансилердин этностук негизин түзсө керек. Ошондой эле биздин замандын 2-миң жылдыгынын 1-жарымы – 1-миң жылдыкта мансилердин түпкү теги комилер жана Уралдын чыгышындагы орустар менен тыгыз карым-катнашта болгон. Негизги кесиби – аңчылык, балыкчылык, бугу асыроо. Аялдары – көйнөк, кенен тигилген сатин же нооту чапан, бугу терисинен жасалган тон, башына жоолук салынып, кооздуктарды колдонушат. Эркектер – көйнөк, ыштан, нооту же бугу терисинен капюшону менен туюк тигилген кийим кийишкен. Улуттук тамак-ашы негизинен балык, сүрсүгөн эт, жер-жемиш 20-кылымдын 20–30-жылдарынан кийин эл чарбасынын башка тармактары өнүккөн. Калктын 45%и шаарда жашап, өнөр жайда иштешет. Интеллигенция калыптанган. Түндүгүндө жана чыгышында мансилердин салттуу маданияты жана тили сакталып калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]